Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:19

Түркияда ЛГБТ-активисттер жапырт кармалды

Түркиянын полициясы 12-13-сентябрь күндөрү ЛГБТ-активисттерин жапырт кармоо иш-чарасын өткөрдү. Рейд Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия шаарларында жүрдү. Активисттердин батирлери, уюмдардын кеңселери жана түнкү клубдар тинтүүгө алынды. Полициянын маалыматына караганда, жалпысынан 58 адам кармалды. ЛГБТ укуктарын коргоо боюнча Kaos GL ассоциациясы 50 адам, анын ичинде анын кызматкерлери да кармалганын билдирди.

Kaos GL компаниясынын ырастоосунда, кеңселери жана кызматкерлеринин батирлерин тинтүүгө бирикменин сайтындагы жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрү түрткү болгон. Аны прокуратура "уятсыздык" деп тапкан. Ишембиде ЛГБТ уюмдарына жана айрым активисттерге таандык бир нече веб-сайттар жана социалдык тармактардагы баракчалар жабылды. Активисттердин баракчаларына гана эмес, Босфор университетинин ЛГБТ изилдөө клубу жана Сексуалдык билим берүү, изилдөө жана медицина ассоциациясы (CETAD) сыяктуу академиялык уюмдардын веб-сайттарына да кирүү чектелген.

Полициянын операциясы төрөттүн азайышы менен күрөшүү жана балдарды терс таасирлерден коргоо максатында өкмөттүн “Менин үй-бүлөм коопсуз” демилгесинин алкагында өткөн. Түркиянын юстиция министри Аркин Гүлек прокуратура өлкөнүн 15 провинциясында иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Аткаминердин айтымында, кылмышка шектүү 162 адам, тогуз коомдук уюм жана 13 компания иликтенип жатат.

Түркиянын Адам укуктары коому бийликтин аракеттерин айыптады.

Шерине

XS
SM
MD
LG