ТИМ QazETA системасын кыргыз жарандары азырынча колдонбой турганын билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагына кирүүнүн жаңы тартиби тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берди.

Мекеменин билдиришинче, QazETA системасы пилоттук режимде иштеп жатат жана кыргыз жарандары үчүн аталган системаны колдонуу милдеттүү эмес.

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагына кирүү жана болуу тартиби өзгөрүүсүз бойдон калууда. Миграциялык эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ошондой эле казак тараптан расмий маалымат келип түшкөндө, министрлик жарандарды белгиленген тартипте кошумча маалымдайт", - деп жазылган маалыматта.

Казакстанга кирүүдө колдонулган QazETA тиркемеси быйыл июль айында сыноо режиминде ишке киргизилген. Буга чейин Орусиянын бийлиги да чет элдиктерди көзөмөлдөө үчүн “Амина” деп аталган мобилдик тиркемесин ишке киргизген.

Ага ылайык, чек арадан кирүүгө электрондук уруксат берүү (Electronic Travel Authorization, ETA) – Казакстан Республикасына кирүүдө визалык талаптардан бошотулган өлкөлөрдүн жарандарына багытталган.

Казакстанга барууну пландап жаткан чет элдиктер ETA алуу үчүн мобилдик тиркемени жүктөп, чек арадан кирүүдөн 72 саат мурда арыз бериши керек. ETA’нын иштөө мөөнөтү 180 күн.

Дагы караңыз

Башкы прокуратура Ташиевдин адвокатынын судьяларга каршы арызын карап баштадыЖапырт кармалган саясатчылардын сотуна жакындары киргизилген жок"75чилер каты": Башкы прокуратура Ташиевдин адвокатынын арызын кароого киришти