Башкы прокуратура УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун “75чилер каты” деп аталган иш боюнча өкүм чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьяларына каршы жазган арызын каттап, карап баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 15-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.
Жактоочу Айткулов өз кайрылуусунда Ташиев баш болгон сегиз адам буга чейин айып тагылбаган иштин негизинде күнөөлүү деп табылып, ал беренелер боюнча укуктук негизде коргонууга таптакыр мүмкүнчүлүк берилбегенине көңүл бурган.
Адвококат биринчи инстанциядагы сот айыпталуучуларды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы боюнча актап, “бийликти күч менен басып алууга даярдык” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканын, мындай берене менен сотко чейинки териштирүүдө жана сотто кылмыш ишин кароо учурунда айыптоонун предмети аныкталганын белгилеген.
Икрамидин Айткулов кийин шаардык сотто Адис Момуналиев баштаган коллегиянын айыпталуучулардын беренесин Кылмыш кодексинин "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмаштырганы түшүнүксүз болгонун билдирүүдө. Мындан улам айыпталуучулар бул берене боюнча сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын жүйө келтирген.
Мындан улам Икрамидин Айткулов башкы прокурор Малик Бектургановго кайрылып, буш ишти караган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын үстүнөн тергөөгө чейин териштирүү жүргүзүп, тиешелүү укуктук баа берүүнү суранган.
10-сентябрда Бишкек шаардык соту “75чилер каты” деп таанылган, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган саясатчы, коомдук ишмерлер айыпталган чуулгандуу иш боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, айыпталуучуларга карата “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмашкан. Сот сегиз адамды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскарткан.
Бул иштин алкагында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов айыпталган.
Соттун өкүмүнөн соң айыпталуучулар мындай чечимге макул эместигин билдиришкен. (ErN)
Шерине