Президенттик шайлоо маалында мамлекет башчы Садыр Жапаров кызматта туруп талапкер катары ат салышуусуна мыйзам жол берет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Шайназаров мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты менен президент саясий өнөктүк учурунда кызматын тапшырууга милдеттүү эмес экенин билдирди.
Боршайком төрагасы шайлоо ачык атаандаштыкта өтө турганын, административдик ресурс колдонууга жол берилбей турганын жана БШКга бийлик тараптан эч кандай басым жок экенин айтты.
31-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналист Али Токтакуновго курган маегинде президент Садыр Жапаров 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуп катталгандан кийин саясий иш-чара учурунда кызматын убактылуу тапшырбай турганын билдирген. Ал жаңы шайлоо мыйзамы жол бере турганын, анда президенттин милдетин аткаруучу деген түшүнүк жок экенин тактаган.
Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн. Садыр Жапаров келерки президенттик шайлоого катышарын, бардык талапкерлерге шарт түзүлө турганын айткан.
Шайлоонун датасын Жогорку Кеңеш белгилейт. Мурдараак Марлен Маматалиев “Азаттыкка” билдиргендей, парламент президенттик кезектеги шайлоонун датасын 27-сентябрга чейин дайындашы керек.
Кыргызстанда иштеп жаткан президент шайлоого талапкер болуп катталган учурда анын милдетин парламенттин төрагасы аткарып калган учур болгон. 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп калган. 2021-жылдын 10-январына президенттик шайлоо дайындалгандан кийин Садыр Жапаров талапкер болуп катталып, кызматын тапшырган. Жогорку Кеңештин ошол кездеги спикери Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу болуп турган. (ErN)
Шерине