Бүгүн, 16-сентябрда, Жогорку Кеңеште Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрологу Насира Бейшебаеванын камалышына байланыштуу маселе көтөрүлүп, дарыгерлердин кесиптик ишмердүүлүгү боюнча жаралган талаштарды мыйзамдуу жана адилеттүү чечүү механизмин киргизүү сунушу айтылды. Эл өкүлү Илим Кубанычбеков дарыгерди үч жылга эркинен ажыраткан окуя жалпы медицина кызматкерлерине сокку болгонун белгиледи.
"Медицина кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруунун натыйжалуу системасын түзүшүбүз зарыл. Бул дарыгерди жоопкерчиликтен бошотот дегенди билдирбейт. Тескерисинче, дарыгер атайылап мыйзам бузса же анын күнөөсү тиешелүү тартипте далилденсе мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок медициналык жардам көрсөтүү учурунда күтүлбөгөн татаалдашуу болуп, бейтапка зыян келип калган учурда бейтаптын дагы укугун коргой турган, ошол эле учурда дарыгердин негизсиз материалдык-укуктук басымдан сактай турган камсыздандыруу механизми болушу керек", - деди Кубанычбеков.
Ушул эле маселени парламенттин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева дагы көтөрүп, ишти адилет териштирүүгө чакырды.
Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери, "кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткарган" деген айып тагылган Насира Бейшебаеванын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан камакка алуу чечимин чыгарган.
Муну менен Ленин райондук сотунун пробация колдонуу чечими өзгөргөн.
Ушундан кийин медицина тармагында иштеген кызматкерлер нефролог Насира Бейшебаевага мунапыс берүүнү же жазасын жеңилдетүүнү өлкө бийлигинен өтүнүп кайрылышты.
Бишкек шаардык милициясы дарыгерди быйыл 18-февралда кармап, ага "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" деген берене менен кылмыш ишин козгогон. Кийин ал үй камагына чыккан.
Дарыгер аталган ооруканада мурда дарыланган бейтап кыздын энесинин арызы боюнча кармалган. Апасы милицияга 2024-жылы 13 жаштагы кызы туура эмес дарылоонун кесепетинен оң бутун кестирүүгө мажбур болгонун айтып кайрылган.
Бейшебаеванын кармалышын Медицина кызматкерлеринин көз карандысыз кесиптик кошуунунун башчысы Бермет Барыктабасова соцтармактагы баракчасында сындады. Ал кандайдыр бир оорунун оор кесепети үчүн бир эле дарыгерди күнөөлөө адилетсиздик болорун белгилеген. Сот учурунда дарыгерди кесиптештери да колдоп чыккан.
Кыргызстанда бейтаптардын өлүмү же башка себептер менен дарыгерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурлар мурда да катталып келген.
Ошол эле учурда бейтаптардын жакындары медицина кызматкерлерине күч колдонуп, сабаган учурлар да арбын.(КЕ)