Бишкекте мамлекеттик фармацевтикалык кампа-логистикалык комплекс ачылат

Бишкекте мамлекеттик фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин долбоору.

Бишкекте заманбап мамлекеттик фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев анын пайдубалына мезгил кутусун салып жатып, бул долбоор өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун бекемдей турган жаңы мамлекеттик системанын негизи болорун белгиледи.

“Дарыны сатып алуу иштин жарымы гана. Аны туура сактоо, өз убагында жеткирүү жана өлкөнүн кайсы жеринде болбосун бейтапка жеткиликтүү кылуу бүтүндөй бир система. Биз дал ушундай системаны түзүп жатабыз. Эл аралык талаптарга жооп берген өз логистикалык базабыз болсо, ири дары өндүрүүчүлөр менен түз жана узак мөөнөттүү кызматташууга мүмкүнчүлүк ачылат. Биздин багыт так: ортомчуларды азайтуу жана мүмкүн болушунча өндүрүүчүлөр менен түз иштөө”, - деди Касымалиев.

Бишкекте мамлекеттик фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталды.

Өкмөт башчынын айтымында, 2021-жылы саламаттык сактоо тармагына 26 млрд сом бөлүнсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 69,9 млрд сомго жеткен. Анын ичинде дары-дармек жана медициналык буюмдарды каржылоого 2021-жылы 100 млн сом бөлүнсө, 2026-жылы 6,8 млрд сом каралган.

2021-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдө фармацевтикалык мафия бар экенин айткан. Анын билдиришинче, айрым топтор дары-дармектин баасын атайылап көтөрүп келишкен.

2023-жылдын март айында өкмөт “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасын түзүп, ага мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен камсыздоо милдетин жүктөгөн. Бирок соңку жылдары Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы байкалып, айрым бейтаптар керектүү дарылар табылбай жатканын же баасы өтө кымбат болуп калганын айтып келишет.

“Азаттык” дары-дармек таңкыстыгынан улам жаралган көйгөйлөр, айрыкча оор дартка чалдыккан балдардын ата-энелери туш болгон кыйынчылыктар тууралуу бир нече макала даярдаган.(КЕ)

Дагы караңыз

АКШда беш киши Кремлдин тапшырмасы менен "диверсия даярдаган" деп айыпталды Баткенде чек ара окуяларында курман болгондор эскерилдиАламүдүндө 900дөй бала билим алган мектеп онлайн окуп жатканы айтылдыReuters: Дрон чабуулдарынан улам Орусиянын үч ири мунай заводунда өндүрүш кескин азайды