"Мектепте жок китеп базарда турат"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда окуу жылынын башталышы менен кайрадан окуу китептерине байланыштуу маселе жаралды. Өкмөт окуу китептер мамлекеттик "Учкун" басмаканасында басылып, мектептерге акысыз берилерин жарыя кылган. Бирок мамлекет баскан окуу китептери базарларда сатылып жатканы тууралуу маалыматтар чыгып, маселе парламентте көтөрүлдү. Буга байланыштуу өкмөт бул маалыматты текшерип, күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылды. Соңку жылдары эмне себептен окуу китебинин көйгөйү чечилбей жатат?