Кыргызстанда 2026-жылдын сегиз айында (январь айынан август чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 18 миң 862 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2025-жылдын алгачкы сегиз айына салыштырганда 32,1% же 4585 фактыга көп.
Сотко жөнөтүлгөн протоколдордун негизинде 3299 адам камакка алынып, 1906 киши коомдук жумушка тартылган.
Расмий статистика өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп жатканын көрсөтөт. Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4212 окуяга көп.
2025-жылы ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 22 миң 152 факты катталган. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. (BTo)