Чүй соту экс-прокурор баш болгон 9 адамды 9-13 жылга кести

Кубан Адыл уулу.

Чүй облустук соту башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу баш болгон тогуз адамды оор беренелер менен күнөөлүү деп таап, буга чейин Аламүдүн райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.

Ага ылайык, Талантбек Баткулдаев 13 жылга, Кубан Адыл уулу 12 жылга, Асхат Чодиев, Арген Калдыбаев, Медеткан Ахматжан уулу, Гүлжигит Таатаев, Умар Турдушев, Муса Манапов жана Дастан Кыдыков ар бири 9 жылдан эркинен ажыратылды.

10-сентябрда Чүй облустук соту аларды Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Уюшкан топту түзүү жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо”, “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн мамлекетке алуу өкүмүн чыгарды.

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту 2025-жылдын аягында ушундай эле өкүм чыгарган.

2024-жылы 12-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу баштаган жоон топ адамды “бийликти күч менен басып алууга даярданган” деген шек менен кармап, камакка алган. Милиция алар жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда калайман башаламандык уюштурууга камданып жүргөн деп маалымдаган. Алар Бишкектин чет жакасында улуттук спорт оюндарын, мелдештерди өткөрүүнү пландап жүргөнү, бирок анын артында бийликти күч менен басып алууга даярдык болгону айтылган. Бул топтун уюштуруучусу деп башкы прокурордун мурдагы орун басары аталган.

Кубан Адыл уулу президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 2021-жылы августта башкы прокурордун орун басарлыгына дайындалган, 2024-жылы апрелде кызматынан алынган.

Сот жообуна тартылган адамдардын жакындары менен адвокаттары өкүм тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Экс-депутат Абдалиев Тилекмат Кудайберген уулунун сотуна сурак берүү үчүн бардыТажикстан Рим статутунан чыгуу маселесин талкуулап жататСегиз айда 18 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыОрусиянын Украинага жапырт соккусу: Киевде 18, Одессада жети киши жараат алды. Каза тапкандар бар Бишкек-Ош автожолундагы жол кырсыгынан алты адам мүрт кеттиАгартуу министри менчик мектептер алган китептер дарегине жетип жатканы боюнча маселе көтөрдү