Сузакта 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгону кабарланды

Сузак району

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгону кабарланды.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, маалымат Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө катталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шек саналып 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. аттуу өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары окуя 17-сентябрда Жыгач-Коргон айыл аймагында болгонун жазып жатышат. Маалыматка караганда, 10-11-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыгып, 10-класстын окуучусу алган жаракатынан ооруканага жетпей каза болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Тажикстан Рим статутунан чыгуу маселесин талкуулап жататПрезиденттик шайлоону дайындоо сунушу ЖК комитетине түштүПрезидент окуу китептерин басып чыгарууга кошумча 7 млрд сом бөлдүОрусияда Мамлекеттик Думага шайлоо расмий башталдыОрусиянын түнкү чабуулунан Украинада эки жайкын тургун каза болдуБУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде Тилекмат Кудайберген уулунун иши талкууландыЧүй соту экс-прокурор Кубан Адыл уулу баш болгон 9 жаранды 13 жылга чейин кести