Акыйкатчы институту: Маморгандардын сайттары майыптыгы бар адамдарга колдонууга ыңгайсыз

Иллюстрациялык сүрөт

Акыйкатчы институту мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мамлекеттик сайттардын көбү колдонууга ыңгайсыз экенин билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бул боюнча 18 расмий интернет-ресурстарына мониторинг жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө изилденген сайттардын бири да инклюзивдик талаптарына толук жооп бербей турганы такталган. Акыйкатчы институту бул майыптыгы бар адамдардын маалымат алуусуна жана онлайн-кызматтарды өз алдынча пайдалануусуна тоскоолдук жаратарын эскертти.

Изилдөөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар мамлекеттик органдардын сайттарын өз алдынча пайдаланып, керектүү маалыматты алуусу, электрондук формаларды толтуруу жана санариптик кызматтарды бирөөнүн жардамысыз колдоно алары текшерилген.

Жыйынтыгында эң жогорку көрсөткүч “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам” сайтында 68,4% түзгөн. Андан кийин “Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган маалыматтар банкы” 52,9% жана Ош шаарынын мэриясынын сайты 47,4% болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) менен Бишкек шаарынын мэриясынын сайттары 15% жана 15,8% алып, майыптыгы бар адамдарга колдонууга эң ыңгайсыз деп табылган (толук тизме бул жерде). (BTo)

Дагы караңыз

Чаткалда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шек саналган төрт өспүрүм эки айга камалдыЖКнын дагы бир комитети “Жер кодексине” сунушталган өзгөртүүнү колдодуДүйнөлүк метеорология уюму: Борбор Азияда мөңгүлөр кескин азайып жатат Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо аяктадыАяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болдуЖаратылыш министрлиги мыйзамсыз аңчылык кылгандарга көп суммада айып салынарын эскерттиЗеленский менен Трамп телефондон сүйлөшүп, Нью-Йоркто жолугушууну макулдашты