Өкмөт 2027-жылы инфляцияны 8% чейин түшүрүүнү пландап жатат

ишкек. "Ош" базары. Архив сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өкмөт 2027-жылы Кыргызстанда инфляциянын деңгээлин 8 же 9% чейин түшүрүүнү максат кылып жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 21-сентябрдагы жайынында айтты.

Данияр Амангелдиев өкмөт бааларды турукташтырууга жана инфляцияны ооздуктоого 39 млрд сомго жакын каражат бөлөрүн кошумчалады. Ал фермелерди колдоо, дан азыктарын кошумча нарк салыгынан бошотуу жана күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларга субсудия берүүнү улантуу сыяктуу аракеттер жүрүп жатканын кабарлады.

Улуттук банк жакында эле экинчи кварталда инфляция деңгээли 11% ашканын, өлкөдөгү баа муну менен токтобой, жыл аягына чейин инфляция 15% жетиши мүмкүн экенин маалымдаган. Кескин кымбаттоо кызмат көрсөтүү, эт жана башка азык-түлүктө сезилген. (BTo)

Дагы караңыз

Акыйкатчы институту: Маморгандардын сайттары майыптыгы бар адамдарга колдонууга ыңгайсызЧаткалда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шек саналган төрт өспүрүм эки айга камалдыЖКнын дагы бир комитети “Жер кодексине” сунушталган өзгөртүүнү колдодуДүйнөлүк метеорология уюму: Борбор Азияда мөңгүлөр кескин азайып жатат Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо аяктадыАяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болдуЖаратылыш министрлиги мыйзамсыз аңчылык кылгандарга көп суммада айып салынарын эскерттиЗеленский менен Трамп телефондон сүйлөшүп, Нью-Йоркто жолугушууну макулдашты Мэр Бишкекте жол тыгынын чечүү боюнча Кытай компаниясы менен сүйлөштү