Самарада мунай заводу кайрадан бутага алынды, бир адам каза болду

Самара аймагы. 2026-жылдын 22-сентябры.

22-сентябрга караган түнү Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын Самара облусуна ондогон учкучсуз учак менен сокку урду. Бул тууралуу аймактын губернатору Вячеслав Федорищев билдирди.

Анын айтымында, чабуулдун негизги бутасы өнөр жай ишканалары болду. Бирок учкучсуз аппараттардын чабуулунан турак жайлар менен автоунаалар да жабыркады. Бир адам каза болуп, дагы төрт киши түрдүү жараат алды.

Astra басылмасы күбөлөр тарткан видеолорго таянып, дрондордун негизги бутасы Самарадагы Куйбышев мунай иштетүүчү заводу болгонун жазды. Чабуулдан кийин ишкананын аймагында ири өрт чыкты.

«Роснефть» компаниясына таандык Куйбышев мунай заводу аймактагы эң ири өнөр жай объектилеринин бири. Анын жылдык кубаттуулугу 7 млн тонна мунай иштетүүгө жетет. 2024-жылы ишкана 4,7 млн тонна мунай сырьёсун кайра иштетип, 800 миң тонна бензин, 1,4 млн тонна дизелдик күйүүчү май жана 1,3 млн тонна мазут өндүргөн.

Бул завод быйыл июнь айында да дрон чабуулуна кабылган. Reuters агенттигинин маалымат булактары анда ишкана мунай иштетүүнү убактылуу токтотууга аргасыз болгонун билдирген.

Маалыматтарга караганда, быйыл жыл башынан бери Украина Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго 70тен ашуун жолу сокку урду. Мунун натыйжасында ондогон ишкана жабыркап, айрымдары ишин токтотту. Аналитиктер муну менен Орусияда мунай иштетүүнүн көлөмү акыркы ондогон жылдардагы эң төмөнкү деңгээлге түшкөнүн белгилеп жатышат.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин украиналык чабуулдар Орусиянын бир катар мунай иштетүүчү жайларынын ишине олуттуу таасир тийгизгенин айткан.

Өз кезегинде Украинанын президенти Владимир Зеленский чыңалууну азайтууга даяр экенин билдирген. Бирок ал Орусиянын украиналык энергетикалык жана маанилүү инфраструктуралык объектилерге жасаган соккулары да токтошу керектигин белгилеген.

Дагы караңыз

Баатыр энелердин пенсиясына алгачкы жолу 1000 сомдон кошулатБекешев Орунтаевди "майыптыгы барлардын арабасына отургузууну" сунуштадыБазарда сатылган окуу китептери боюнча кылмыш иши козголдуМайыптыгы бар адамдарга каралган каражат максатсыз сарпталганы аныкталды