Бүгүн, 23-сентябрда, Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонунун 37 жылдыгы белгиленип жатат. Буга байланыштуу бул күнү бала бакча, мектептерден тартып, өкмөттүк деңгээлге чейинки иш-чаралар өткөрүлүүдө.
1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик макам берилген. 2023-жылы 17-июлда президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.
Мамлекеттик макамына карабай өлкөдө кыргыз тилин колдонуу жана өнүктүрүүдө көптөгөн көйгөйлөр бар экени айтылып келет. Расмий иш-чаралар жалпысынан орус тилинде өткөрүлгөнүнө дагы нааразылыктар бар.(ZKo)