Жогорку Кеңештеги «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобу Кыргызстанда акыркы жылдары онкологиялык илдеттерге чалдыккандардын саны өсүп жатканына байланыштуу маселени көтөрдү. Парламенттин 23-сентябрдагы жыйынында топтун атынан сүйлөгөн депутат Талант Мамытов соңку эки жылда ракка чалдыккандардын саны эселеп көбөйгөнүн белгиледи. Ошондой эле ал ооруну аныктоочу жана дарылоочу жабдуулар жетишсиз болуп жатканын, бейтаптарды жаткырып дарылоого орундар тартыш экенин айтты.
«Онкология тармагындагы саясат бирдиктүү система катары каралышы керек. Ракты эрте аныктоо системасын түзүү зарыл. Азыр аймактардагы бейтаптар Бишкекке келип жатышат, ошондуктан региондордо онкологиялык борборлор ачылышы керек. Зарыл каражат республикалык бюджеттен каралып, бөлүнүшү зарыл. Жакында мамлекеттик бюджетти карайбыз, бардык фракциялар жана депутаттык топтор бул маселеге көңүл буруп, сунуштарыбызды киргизели. Ошол эле учурда парламенттик көзөмөлдү күчөтүп, бөлүнгөн каражаттын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөйли», – деди Талант Мамытов.
Депутаттын айтымында, учурда Кыргызстанда 37 миңден ашуун адам онкологиялык оорулар боюнча каттоодо турат. 2025-жылы бул илдеттен 3548 адам каза болгон.
2021-жылы 7884 бейтап каттоого алынган болсо, 2024-жылы алардын саны 9526га жеткен.
2025-жылдын август айында Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Улуттук онкология жана гематология борборунда мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында борбордогу линиялык тездеткичтер бат-баттан иштен чыгып, бейтаптар нур терапиясын өз убагында ала албай жаткандыгы белгиленген. Мындан тышкары, 80ге жакын өтө зарыл дары-дармектин тартыштыгы бар экени аныкталган.(ZKo)