Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:53

Трамп АКШ менен Иран ортосунда "абдан үзүрлүү" сүйлөшүү өткөнүн айтты

Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрү 22-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында бир нече айдан берки алгачкы жолугушуусун өткөрдү.

АКШ президенти Дональд Трамптын айтымында, сүйлөшүү болжол менен үч саатка созулуп, “абдан үзүрлүү” өттү. Америкалык тараптан президенттин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер, ал эми Ирандан тышкы иштер министри Аббас Аракчи катышты. Жолугушуу Катар менен Пакистандын ортомчулугу аркылуу уюштурулган.

Сүйлөшүүдөн кийин Стив Уиткофф X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө ирандык өкүлдөр менен кеңири талкуу жүргүзүлгөнүн айтып, диалогдун бул айлампасы ийгиликтүү аяктаганын белгиледи. Анын айтымында, ортомчулар тараптарды жакындатуу боюнча ишин улантат.

БУУдагы иш-чаранын алкагында Перс булуңундагы мамлекеттердин лидерлери менен жолуккан Дональд Трамп Иран менен макулдашууга жетишүү үчүн “олуттуу мүмкүнчүлүк жаралганын” билдирди.

Ирандын мамлекеттик медиалары Тегеран сүйлөшүүдө Вашингтонго Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү боюнча шарттарын сунуштаганын жазды. Алардын катарында АКШнын деңиз блокадасын токтотуу, санкциялардан улам "тоңдурулган" ирандык активдерди бошотуу жана аскердик аракеттерди токтотуу талаптары бар экени айтылууда.

Ошол эле учурда Дональд Трамп сүйлөшүүлөрдүн алдында БУУдагы сөзүндө Иранга карата кескин билдирүү жасап, Тегерандын алдында “калыбына келүү же жок болуп кетүү” тандоосу турганын айткан. AFP агенттигинин маалыматына караганда, бул сөз учурунда Ирандын делегациясы жыйын залынан чыгып кеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG