Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу парламенттин 23-сентябрдагы отурумунда студенттерди жана жогорку класстын окуучуларын ишембиликке тартууну сунуштады. Депутат өлкөдө утур болуп жаткан ишембиликтерге мугалимдер менен бюджеттик кызматкерлер гана тартылып жатканын белгиледи.
"Мен жакында Ноокатта мугалимдер менен чогуу ишембиликке катыштым. Ошол жерде мугалимдер мага жогорку класстын окуучуларын ишембиликке тартуу зарылчылыгын айтышты. Азыр эркек балдарыбыз колуна күрөк кармаганды, кыздарыбыз шыпыргы кармаганды билбей калып жатышат. Ошондуктан чоң класстын окуучуларын, студенттерди мурдагы убактардагыдай эле ишембиликтерге тартышыбыз керек. Алар өздөрү тазалоо иштерине катышкандан кийин көчөгө таштанды да таштабай калышат", - деди депутат.
Агартуу министрлигинин демилгеси менен 2024-жылдан бери мектептерде классты жууп-тазалоо окуучуларга жүктөлгөн. Бул ата-энелердин нааразылыгын пайда кылган.(ZKo)