Майыптыгы бар жарандардын жөлөк пулун көбөйтүү сунушталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кымбатчылык күчөп жаткан шартта майыптыгы бар жарандардын жана балдардын жөлөк пулун көбөйтүү сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Нуржамал Төрөбекова көтөрдү. Ал бул тууралуу парламенттин 23-сентябрдагы жыйынында айтып, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн маселени карап көрүүнү өтүндү.

«Өлкөдө жыл сайын пенсионерлердин пенсиясы көбөйтүлүп жатканы кубандырат. Бирок майыптыгы бар жарандар менен балдардын мамлекеттик жөлөк пулу бүгүнкү кымбатчылык шартында жетишсиз болуп жатканын айткан кайрылуулар көп түшүүдө. Азык-түлүк, дары-дармек жана коммуналдык кызматтардын баасы өсүп жаткан учурда майыптыгы бар жарандарга социалдык колдоону да күчөтүү керек. Ошондуктан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен алардын мамлекеттик жөлөк пулунун өлчөмүн кайра карап чыгууну өтүнөм», – деди Төрөбекова.

Расмий маалыматтарга караганда, 2025-жылдын сентябрына карата Кыргызстанда 218 миңден ашуун майыптыгы бар адам катталган. Алардын 37 миңден ашууну балдар.

2010-жылы өлкөдө майыптыгы бар 22 миң бала катталса, 2023-жылы алардын саны 37 637ге жеткен. Андан кийинки жылдар боюнча расмий маалымат жарыяланган эмес. Майыптыгы бар 37 миңден ашуун баланын 15 миңдейи туруктуу кароого жана багууга муктаж.

Майыптыгы бар адамдарга төлөнүүчү жөлөк пул майыптуулуктун тобуна жараша 3 миң сомдон 8 миң сомго чейин чегерилет. Биринчи топтогу тубаса жана бала кезден берки майыптыгы бар жарандар ай сайын 8 миң сом алышат. Башка топтордогу жана категориялардагы майыптыгы бар адамдарга 3 миң сомдон 5,5 миң сомго чейинки өлчөмдө жөлөк пул төлөнөт.

Кыргызстандын Конституциясынын 44-беренесине ылайык, пенсиялар, социалдык жөлөк пулдар жана социалдык жардамдын башка түрлөрү жашоо минимумунан төмөн болбошу керек. (ZKo)

Дагы караңыз

Депутат студенттер менен окуучуларды ишембиликке тартууну сунуштадыСот УКМКнын мурдагы кызматкерлери баш болгон төрт адамды камакта калтырдыАбактагы Аскарбеков лингвистикалык экспертизанын бүтүмүнө макул эместигин айттыЛитва Борбор Азия жарандарынан ишке орношууга арыз кабыл алууну токтоттуОнкологиялык оорулар көйгөйү Жогорку Кеңеште айтылдыАКШнын Иранга каршы чаралары. Борбор Азия Кытайга ыктай баштайбы?