Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттик шайлоого кызматта туруп эле талапкер болуп катышуусу боюнча комментарий берди.
Спикер бул маселе тууралуу 24-сентябрда парламент президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом долбоорун кабыл алгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ал Кыргызстанда ушул тапта шайлоодо административдик ресурс жокко эсе экенин, талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп жатканын кошумчалады.
“Конституциялык мыйзамдын 21-беренесине ылайык, депутаттар жана президент шайлоого ыйгарым укуктарын токтотпой катыша берет. “Атаандаштык болуш керек” деген сөздөр айтылып жатат. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болгондор кийинки шайлоого депутат катары эле барганбыз. Бул эч кандай деле артыкчылык берген жок. Депутаттардын жарымы кийинки чакырылышка шайланып келди. Бирок бул туруктуулук үчүн керек. Дүйнөдө ар кандай жагдайлар – COVID, чек ара маселеси болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан өз ыйгарым укуктарын (ред: президент) аткарыш керек”, - деди ал.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров да Садыр Жапаров кызматта туруп президенттик шайлоого талапкер катары катыша аларын айткан.
Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы отурумунда президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом долбоорун кабыл алды.
Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан өлкө жетекчисинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. (BTo)