Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2025-жылы өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар берген сунуштардын көпчүлүгү четке кагылганын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 24-сентябрдагы жыйынында билдирди.
Депутат Камила Талиева соңку парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу Европа коопсуздук кызматташык уюму (ЕККУ) баш болгон эл аралык уюмдардын баасы кандай болгонуна кызыкты.
Бул суроого жооп берип жатып Боршайкомдун төрагасы 2025-жылдагы шайлоого 58 мамлекеттен 788 эл аралык байкоочу катышканын, алар шайлоонун жүрүшү, андагы колдонулган жаңы технологияларга жогору баа беришкенин айтты. Тынчтык Шайназаров эл аралык байкоочулар 49 сунуш бергенин, алар мыйзам чыгаруу маселелерине байланыштуу экенин маалымдады. Бул сунуштардын көпчүлүгүн БШК колдобогонун, алар “реалдуулукка, менталитетке туура келбеген сунуштар” болгонун кошумчалады.
“Кыргызстандагы шайлоочуларынын тандоосун баары сыйлашы керек”, - деди ал.
Бирок ал эл аралык байкоочулар берген кандай сунуштар кабыл алынбаганын тактаган жок.
Кыргызстанда VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2025-жылы 30-ноябрда өткөн. Анын жыйынтыгы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюм баш болгон айрым эл аралык байкоочулар Кыргызстандагы парламенттик шайлоо натыйжалуу өткөнүн, бирок үгүт кампаниясы учурундагы “чектөөлөр талапкерлердин жана шайлоочулардын активдүүлүгүнө терс таасир тийгизгенин” белгилешкен.
Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы отурумунда президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.