Үч өлкөнүн өкүлдөрү Алматыда "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоорун талкуулады

Алматы шаарында өткөн жолугушуу.

21-23-сентябрь күндөрү Алматы шаарында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер, энергетика, каржы, суу ресурстары боюнча мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) долбооруна байланыштуу үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундун өткөрдү.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги билдиргендей, жолугушууда проектти каржылоонун ыкмалары, ошондой эле үч өлкөнүн мындан аркы координациясы боюнча маселелер каралды.

Өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору боюнча биринчи раунддагы сүйлөшүүлөр Бишкек шаарында 31-март жана 2-апрель күндөрү, экинчи раунд Ташкент шаарында 28–30-апрелде өткөн. Үчүнчү раунд Алматыда болду.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги буга чейин “Камбар-Ата-1” ГЭСине 9 донор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин маалымдаган. Дүйнөлүк банк ГЭСтин негизги курулушуна үч мамлекет үчүн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан) 1,5 млрд доллар бөлүүнү да караштырып жатканы айтылган.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Баштапкы эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын чабуулдарынан Украинада сегиз киши каза тапты"Бийликти күч менен басып алууга" айыпталган саясатчылардын иши сотто каралууда Министрлик инвесторлорго жер берүү сунушун инвестиция тартуу менен түшүндүрдүПарламент президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына белгиледиКыргызстан жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк уюмду негиздөөчүлөрдүн катарына кирдиБШК төрагасы: шайлоо боюнча эл аралык байкоочулардын көп сунушу реалдуулукка туура келбейтМахабат Тажибек кызынын сотуна эксперттер экинчи жолу келген жокДепутат Талиева окуу китептеринин мазмунун текшерүүнү сунуштадыСпикер президент Жапаров шайлоого кызматын тапшырбай катышары боюнча комментарий берди