25-сентябрдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

25-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында нөшөр жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн +9…+14°, күндүз +23…+28°
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн +5…+10°, күндүз +21…+26°
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +11…+16°, күндүз +23…+28°
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +4…+9°, күндүз +17…+22°
  • Нарын облусунда: түнкүсүн +3…+8°, күндүз +15…+20°

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +24…+26° болот.

Дагы караңыз

Бекназаров “кемпирабадчылар” Ташиевди сотко берерде президент токтотуп калганын айттыҮч өлкөнүн өкүлдөрү Алматыда "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоорун талкууладыОрусиянын чабуулдарынан Украинада сегиз киши каза таптыАКШ-Иран: Согушту басуу тууралуу Трамп менен Пезешкиандын эки башка көз карашы Парламент президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына белгиледиКыргызстан жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк уюмду негиздөөчүлөрдүн катарына кирди