Казакстанда машыгуу учурунда каза болгон аскерлердин саны 14кө жетти

Каспий деңиз жээгиндеги аскердик машыгуу учуру. Иллюстрация.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 25-сентябрды Маңгыстоо облусунда кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон аскер кызматкерлеринин өлүмүнө байланыштуу жалпы улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялады. Президент каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

Казакстандагы кайгылуу окуяга байланыштуу бир катар өлкөлөрдүн мамлекет башчылары, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казак лидерине жана элине көңүл айтышты.

24-сентябрда Казакстандын Коргоо министрлиги Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда 19 аскер кызматкери деңизге чөгүп кеткенин билдирген. Кийинчерээк чөгүп кеткендер 17 адам, алардын 12си каза болгону тастыкталганын, үчөөнү куткарып калууга үлгүрүшкөнүн, экөө изделип жатканын кабарлаган.

Ал эми 25-сентябрдагы маалыматта дайынсыз болгон эки аскер кызматкеринин да сөөгү табылганы, издөө-куткаруу операциясы ушуну менен аяктаганы маалымдалды.

«Бүгүн, 25-сентябрда, саат 09:15 чамасында үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө буга чейин дайынсыз болуп жаткан эки аскер кызматкеринин – сержант Мансур Гумаров менен матрос Мирас Турдыбекулунун сөөгү табылды», – деп айтылды министрликтин билдирүүсүндө.

Ошентип, аскердик окуу-машыгуу учурунда каза болгондордун саны 14 адамга жетти.

Маалыматка караганда, күжүрмөн тапшырманы аткаруу маалында аба ырайы кескин начарлап, шамал күчөгөн. Анын кесепетинен аскер кызматкерлери деңизге чөгүп кеткен.

Казакстандын Башкы прокуратурасы аскер кызматкерлеринин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Каспий деңизиндеги машыгууларда буга чейин да аскерлер каза болгон. 2015-жылы «Борбор-2015» машыгуусунун жүрүшүндө Актау шаарында төрт аскер кызматкери каза тапкан. Анда 52 аскер кызматкери түшкөн алты БТР-80 деңизге чыккан. Катуу шамалдан улам бронетранспортерлор сууга чөгүп кеткен. (ZKo)

Дагы караңыз

Юстиция министрлиги коррупцияга каршы күрөш боюнча сурамжылоо өткөрүүдө"Кызамыкты эмдөө гана токтотот". Муфтияттын фатвасы ооруну азайттыбы?Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров эки айга камалдыТрамп Сини өзү тосуп алды. АКШ-Кытай мамилеси оңолуу жолуна түштүбү?"Ким шайлоого барбаса айлыгы эсептелбейт". Президенттик жарышка старт берилди