Бишкек шаарындагы «Чекиш-Ата» базарынын аймагында ок чыгарууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу калаанын Свердлов райондук милициясы «Азаттыкка» билдирди.
Маалыматка караганда, 25-сентябрда базардын аймагында 32 жаштагы эркек киши ок жаракаты менен ооруканага жеткирилгени тууралуу кабар түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголду.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деген шек менен 2002-жылы туулган С.Д. аттуу жаран аныкталып, кармалды.
Баштапкы маалымат боюнча, шектүү быйыл июнь айында белгисиз үлгүдөгү мылтык сатып алганын жана 25-сентябрда «Чекиш-Ата» базарынын аймагындагы соода түйүнүнүн терезеси аркылуу эки жолу ок чыгарганын билдирген.
Куралды ал өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.
Кармалган жарандын адвокаты жана жакындары комментарий бере элек.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.(КЕ)