Өзбекстанда 60тан ашуун окуучу ууланып, ооруканага түштү

Кашкадарыя облусунун Гүзөр районундагы ооруканага жаткырылган мектеп окуучулары.

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Гүзөр районунун №51 мектебинин 62 окуучусу талаага химиялык зат чачылгандан кийин уулануу белгилери менен ооруканага түшкөнү кабарланды.

«Озодликтин» маалыматына караганда, 25-сентябрга карата 33 бала ооруканада калып, алардын ону жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан. Айрым окуучуларга жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган.

Ата-энелер балдардын бир бөлүгү алгач медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылганын, бирок абалы начарлап кайра ооруканага жаткырылганын айтууда. Алардын билдиришинче, кээ бир балдар азыркыга чейин тамак жей албай, суу ичкенде да кусуп жатат.

Жабыркагандардын жакындары уулануу мектептин жанындагы талаага чачылган белгисиз химиялык заттан болушу мүмкүн деп эсептешет. Журналисттер бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жана фермерден комментарий ала алышкан эмес.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги азырынча расмий маалымат бере элек. Ал эми ата-энелер жергиликтүү бийлик бул окуяны коомчулуктан жашырууга аракет кылып жатканын билдиришти.

Дагы караңыз

"Жалгыз уулубуз жасалма жол менен согушка айдалды”. Орусиядагы мигрант үй-бүлө президенттен жардам сурайтБилл Гейтс жасалма интеллект "миллиард адамдын өлүмүнө себеп болушу мүмкүндүгүн" айттыИран АКШга Ормуз кысыгын ачуу планын сунуштаганы, Трамп аны четке какканы маалымдалды"Убагында текшерилбей азыр кыйналып жатам". Милдеттүү чек-ап сунушу талкууда