Сот аткаруу кызматынын жетекчи орун басары Капаловдун өлүмү боюнча иш кайра каралат

Кубанычбек Капалов

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Капаловдун өлүмүнө байланыштуу иш кайра каралат. Бул тууралуу маркумдун жубайы Индира Сагынбекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ишти Бишкек шаардык милициясы тергеп жатат.

Башкы прокуратура жана милиция иш кайсы берененин негизинде каралып жатканы такталарын билдирүүдө.

Быйыл 13-мартта Капалов октон каза болгону, ал өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн экени кабарланган.

Жубайы жолдошу киши колдуу болушу мүмкүндүгүн айтып, иштин адилеттүү каралышын талап кылып чыккан. Август айында ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, жолдошунун өлүмүнө байланыштуу териштирүүнү көзөмөлгө алууну, иштин ар тараптуу жана адилеттүү каралышын өтүнгөн.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 14-мартта милицияга 102 кызматы аркылуу шаардагы Кожомбердиев көчөсүндө унаада эркек киши өзүн атып алганы тууралуу кабар түшкөнүн маалымдаган.

Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) ыкчам-тергөө тобу барып, GAC үлгүсүндөгү унаадан 45 жаштагы К.К. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Унаадан 12 мм калибрдеги «Иж-18» үлгүсүндөгү жылмакай ооздуу мылтык, 13 даана ок, бир гильза, эки мобилдик телефон, өлүм алдындагы кат жана башка далил заттар алынган.

Соттук-медициналык кароонун баштапкы маалыматында ок маркумдун төшүнө тийгени айтылган. Дагы тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Милиция ошондой эле маркум карыздарына байланыштуу өмүрүн кыйган болушу ытымал деген маалымат бар экенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен кылмыш иши козголгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте Искусство университетинин жаңы имараты ачылдыӨзбекстанда 60тан ашуун окуучу ууланып, ооруканага түштүБилл Гейтс жасалма интеллект "миллиард адамдын өлүмүнө себеп болушу мүмкүндүгүн" айттыИран АКШга Ормуз кысыгын ачуу планын сунуштаганы, Трамп аны четке какканы маалымдалды