Казакстандык айрым жарандар полиция алардан Каспийдеги кайгылуу окуя тууралуу социалдык тармактардагы пост, комментарийлерин өчүрүүнү суранганын билдиришти.
Темирлан аттуу колдонуучу укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан кысымга кабылганын Instagram баракчасында билдирди. Ал сөздөрүн ырастоо үчүн өзүн Алматы шаардык полиция департаментинин кызматкери катары тааныштырган адам менен сүйлөшүүнүн аудиосун жарыялады.
Мындан бир күн мурда колдонуучулардын бири Threads социалдык тармагына Казакстандын коргоо министринин жана Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын дарегине сын айтылган билдирүү жарыялаган. Аны менен байланышкан полиция кызматкери постто "трибунал", "өлүм жазасы" сыяктуу курч сөздөр колдонулганын айтып, билдирүүнү өчүрүүнү суранган. Ошондой эле ал колдонуучуну "элге каршы" деп айыптаган. Колдонуучу болсо өзүнүн жеке пикирин гана билдиргенин айтып, чыныгы элге каршыларды аныктоону сунуштаган.
Колдонуучу постун өчүрүү талабынын себебин сураганда, полиция өкүлү: "Митингдин кайталанышына жол бербөө үчүн. Посттун алдында көптөгөн терс комментарийлер жазылып жатат", - деп жооп берген. Колдонуучу ага өзүнүн жарандык позициясын гана билдиргенин жана башка адамдардын аракеттери үчүн жооп бере албасын айтканын, сөгүнгөн сөздөр камтылган комментарийлерди өчүргөнүн белгилеген. Ошондой эле коомчулуктун нааразы болуусуна олуттуу себептер бар экенин айтып, өз постун өчүрүүдөн баш тарткан.
Социалдык тармактардын башка колдонуучулары да күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү тарабынан кысым болгонун билдиришти.
Мисалы, Facebook колдонуучусу Серик Жумадилов Тредске жарыялаган постунан кийин полициядан телефон чалышканын жазды.
Алматы шаардык полиция департаменти азырынча социалдык тармактардын колдонуучуларынын билдирүүлөрүнө комментарий бере элек.
Трагедия 24-сентябрда Каспий деңизинин жээгинде Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусу учурунда болгон. Окуу-аскердик тапшырманы аткаруу маалында аба ырайы кескин начарлап, шамал күчөгөндөн улам деңиз 17 аскерди агызып кеткен. Алардын үчөө куткарылып, 14 аскер каза болгон.
25-сентябрда Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланган.
Машыгуу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу беш адам кармалган. Алардын арасында Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын биринчи орун басары - штабдын башчысы, эки аскер бөлүгүнүн командири, ошондой эле деңиз жөө аскерлер ротасынын жана "Кайсар" күзөт катеринин командирлери бар. "Кызматка шалаакы мамиле кылуу" (453-берене, 2-бөлүк) жана "Кемелерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу" (465-берене) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
26-сентябрда Маңгыстау облусунда каза болгондоо менен коштошуу зыйнаты өттү. Ошол эле күнү Казакстандын коргоо министри Даурен Косанов алардын үй-бүлөлөрүнөн кабар алды.