Казакстандын коргоо министри Даурен Косанов кызматтан алынды

Даурен Косанов.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн коргоо министри Даурен Косановду кызматтан алуу тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу Ак Орданын басма сөз кызматы кабарлады.

Даурен Косанов Каспийдеги 14 аскердин өмүрүн алган каргашалуу окуядан үч күндөн кийин кызматынан алынды.

Каспийдеги трагедиядан кийин соцтармактарда Казакстандын Коргоо министрлигине жана министрдин өзүнүн дарегине сын-пикирлер көп айтылган. Айрымдар кайгылуу окуя үчүн министрди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.

24-сентябрда Каспий деңизинин жээгинде Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусу учурунда шамал күчөгөндөн улам деңиз 17 аскер кызматкерин агызып кеткен. Алардын үчөө куткарылып, 14 аскер кызматкери каза болгон.

25-сентябрда Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланган.

26-сентябрда Маңгыстау облусунда каза болгон аскер кызматкерлери менен коштошуу зыйнаты өттү. Ошол эле күнү Казакстандын коргоо министри Даурен Косанов алардын үй-бүлөлөрүнөн кабар алган.

Машыгуу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу беш адам кармалган. Алардын арасында Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын биринчи орун басары - штабдын башчысы, эки аскер бөлүгүнүн командири, ошондой эле деңиз жөө аскерлер ротасынын жана "Кайсар" күзөт катеринин командирлери бар. "Кызматка шалаакы мамиле кылуу" (453-берене, 2-бөлүк) жана "Кемелерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу" (465-берене) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Каспийдеги трагедияны сындаган постторду өчүрүү талабы коюлганы айтылууда АКШ менен Кытай бажы төлөмдөрүн 30 млрд долларга кыскартууну, ЖИни "суперинтеллект" деп атоону макулдашты"Убагында текшерилбей азыр кыйналып жатам". Милдеттүү чек-ап сунушу талкуудаОкуу китептерин басып чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүндүКазакстанда машыгуу учурунда каза болгон жоокерлер жерге берилди