Пакистанда жардыруудан 11 адам каза болуп, 30у жаракат алды

Пакистандык аскерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын түндүк-батышындагы Дера-Исмаил-Хан шаарында жардыруу болду. Акыркы маалыматтар боюнча 11 адам каза болуп, дагы 30 адам жаракат алганы 26-сентябрда кабарланды.

Reuters агенттиги билдиргендей, кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Техрик-е Талибан Пакистан" деп аталган, "Пакистандык талибан" деген ат менен да белгилүү болгон исламчыл топ өзүнө алды.

Дера-Исмаил-Хан шаары Пакистан менен Ооганстандын чек арасына жакын жайгашкан. Буга чейин бул шаарда исламчыл топтордун мүчөлөрү полицияга жана коопсуздук күчтөрүнө бир нече жолу кол салган.

Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы аймактык талаш-тартыш чек арага жакын райондордо бир нече жолу куралдуу жаңжалдарга алып келген. Эки өлкөнүн ортосундагы узундугу 2611 чакырым болгон чек ара Дюранд линиясы деп аталат. Ооганстан аны расмий түрдө тааныбайт.

Пакистан бийлиги Ооганстанды тыюу салынган "Техрик-е Талибан" тобунун мүчөлөрүн жашырып жатат деп айыптап келет. Исламабаддын билдиришинче, аталган топ Пакистандын аймагында адам өлүмүнө алып келген кол салууларды уюштурууда.

Кабул бул айыптоолорду четке кагат.

Дагы караңыз

АКШ менен Кытай бажы төлөмдөрүн 30 млрд долларга кыскартууну, ЖИни "суперинтеллект" деп атоону макулдашты1-октябрдан тарта Орусиядагы маркетплейстерде товарга талап катаалдашатКазакстандын Жетису облусунда өрттөн үч бала чарчап калды Казакстандын коргоо министри Даурен Косанов кызматтан алындыКаспийдеги трагедияны сындаган постторду өчүрүү талабы коюлганы айтылууда