Кыргызстандын Юстиция министрлиги өлкөдө катталган саясий партиялардын тизмесин жарыялады. Министрликтин расмий сайтындагы маалыматына караганда, Кыргызстанда 306 саясий партия катталган.
Тизмеде ошондой эле расмий каттоодон өткөн партиялар тууралуу маалыматтар камтылган.
Ошол эле учурда партиянын тизмеде болушу анын учурда активдүү саясий ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын билдирбеси да белгиленген.
Кыргызстанда саясий партиялар жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке, президенттик шайлоого талапкерлерин көрсөтө алышат.
2025-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар 9 миллион сом күрөө төлөйт. (ZKo)