Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен Айдос Мырзахметов мурдагы кызматынан бошотулуп, коргоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Акордонун сайтында жарыяланды.
Айдос Мырзахметов 2024- жылдан бери Казакстандын Куралдуу күчтөрүнө караштуу атайын операция күчтөрүн жетектеп келген. Ага чейин мамлекеттик күзөт кызматы департаментинин башчысы болгон. Быйыл май айында Токаевдин жарлыгы менен генерал-майор чинин алган.
Жаңы министрди президент Токаев ушул эле күнү кабыл алып, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө, Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу жана аскердик башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Токаев аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун сактоо бардык деңгээлдеги командалык курамдын талашсыз артыкчылыгы болууга тийиш экенин белгиледи.
27-сентябрда Токаев өлкөнүн коргоо министри Даурен Косановду кызматынан алган. Ал Каспийдеги 14 аскердин өмүрүн алган кайгылуу окуядан үч күн өткөндөн кийин иштен кетти.
24-сентябрда Каспий деңизинин жээгинде Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусу учурунда шамал күчөгөндөн улам деңиз 17 аскер кызматкерин агызып кеткен. Алардын үчөө куткарылып, 14 аскер кызматкери каза болгон. 25-сентябрда Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү болгон.
Машыгуу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын биринчи орун басары - штабдын башчысы, эки аскер бөлүгүнүн командири, ошондой эле деңиз жөө аскерлер ротасынын жана "Кайсар" күзөт катеринин командирлери, жалпы беш адам кармалган. "Кызматка шалаакы мамиле кылуу" (453-берене, 2-бөлүк) жана "Кемелерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу" (465-берене) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Окуяны иликтөө үчүн Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Балаева жетектеген атайын комиссия түзүлгөн, комиссия жети күндө ишинин алгачкы жыйынтыгын жарыялоого милдеттүү.