Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларды шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн аккредитациядан өтүүгө чакырды.
Аккредитациядан БШКнын “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” маалыматтык тутумунда өтүүгө болот.
БШК документтер мурдагыдай электрондук почта аркылуу эмес, сайт аркылуу гана кабыл алынарын эскертти.
2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн маалымат каражаттарын каттоо 14-октябрга чейин жүрөт.
Боршайком ошондой эле эфир убактысы же басма аянты үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык саясий партиялар жана талапкерлер үчүн бирдей болушу керектигин эскертти. Мындан тышкары шайлоо дайындалган күнгө чейинки алты ай ичинде белгиленген нарктан ашпашы керек.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт.
Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаровдун маалыматына караганда, саясий иш-чарага 1 млрд 200 млн сом кетет деп эсептелген. Эгерде шайлоо бир эле тур менен өтсө бул сумма азаят.
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Алдыдагы өнөктүккө талапкер болуп катышарын азыркы президент Садыр Жапаров алгачкы болуп айтып чыккан. Шайлоого өз талапкерлигин коёрун 24-сентябрда "Азаттыкка" курган маегинде мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев да жарыялады. (ZKo)