Чет өлкөлөрдөн которулган студенттердин маселеси парламентте жабык каралууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 28-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан Кыргызстандын жогорку окуу жайларына которулган студенттердин окуусунун аякташы жана документтерине байланыштуу маселелер жөнүндө маалымат берери күтүлүп жаткан.

Маселени парламенттик Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинде жабык кароону демилгечилер сунуштады. Натыйжада комитет мүчөлөрүнүн макулдугу менен жабык каралып жатат. Маселени жабык кароо себеби түшүндүрүлгөн жок.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, жыйынга министр Гүлзат Исаматова, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору чакырылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Британияда АКШ авиабазасынын жанынан бир нече киши кармалдыКиевде бала бакча, мектеп, байланыш түйүндөрү, Сауд Арабия элчисинин резиденциясы соккуга кабылдыСербиянын президенти Вучич кызматтан кетерин, премьерлик үчүн ат салышарын жарыяладыКаспийдеги кырсык: "Аскерлер машыгуу үчүн материал эмес""Жалгыз уулубуз жасалма жол менен согушка айдалды”. Орусиядагы мигрант үй-бүлө президенттен жардам сурайт