Атайын кызмат Ошто курал-жарак сактаган жашыруун жай табылганын билдирди

Сүрөт УКМКдан алынды. 28-сентябрь, 2026

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Бими Ош Сервис" бажылык тариздөө мекемесинин (БТЖ) пайдаланылбай турган имаратынан курал-жарак сактоо үчүн атайын жабдылган жай аныкталганын 28-сентябрда билдирди. Ал жерден ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган сейф табылган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 3 даана ок атуучу тапанча, 5 даана ок салгыч, 31 даана 12 мм калибрдеги патрондор, 47 даана 9х17 мм калибрдеги патрондор, 14 даана 9 мм калибрдеги патрондор, 8 даана АМГ патрондору, 3 даана рация алынды.

Атайын кызмат материалдардын алкагында алынган курал-жарактардын чоо-жайын, жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Буга чейин Кара-Балтада курал-жарак катылган жай табылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусиянын Харьков, Киевге соккуларынан 20дан ашуун адам жараат алдыКыргызстанда бензиндин 1,5 айга жете турган кору бар экени айтылдыАлты айда Кыргызстанга 5 миллиондой чет элдик жаран кирип-чыкты Трамп АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына Стивен Гилленди сунуштады