Кыргызстанда психиатр дарыгерлер жетишсиз болуп жатканы парламентте айтылды

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда психиатр дарыгерлердин жетишсиздигин, мунун айынан дарыгерлер бир учурда ооруларды да кабыл алып, стационардык бейтаптарды да дарылап жатышканын Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Батырова билдирди. Депутат бул тууралуу Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер комитетинин 28-сентябрдагы жыйынында айтып, алардын укуктары бузулуп жатканын айтты.

"Алыс барбай, сиз жетектеген Республикалык психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин алалы. Алар саат 8:00дөн 17:00гө чейинки аралыкта сырттан келген сыркоолорду да кабыл алат, ошол эле кезде стационарда дарыланып жаткан бейтаптарды да карашат. Муну менен биз алардын укуктарын бузуп, Эмгек кодексинин беш беренесин бузуп жатабыз. Күндүзгү стационардык бөлүмдөр эмнеге жабылып жатат?" - деди Батырова.

Депутаттын суроосуна Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жетекчиси Жаныбек Ажибеков жооп берип, күндүзгү бөлүм жабылбасын, формасы гана өзгөрөрүн билдирди.

Депутат психикалык оорулуу адамдарды бейтапканадан чыккандан кийинки коштоо да жетишсиз болуп жаткандыктан, учурунда дарыланбагандын кесепетинен оорулар кайра күч алып жатканын эскертти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча учурда 52 миңден ашуун адам психиатриялык каттоодо турат. 138 психиатр дарыгер бар. (ZKo)

Дагы караңыз

Эмгек министрлиги Англияда ишке орноштурууну убада кылган шылуундардан этият болууга чакырды Таласта эски автобазанын жери мамлекетке кайтарылдыОшто концертке деп алдап, билет саткан шектүү кармалдыАтайын кызмат Ошто курал-жарак сактаган жашыруун жай табылганын билдирдиОрусиянын Харьков, Киевге соккуларынан 20дан ашуун адам жараат алды