NYT басылмасы Кыргызстан A7 компаниясына санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөнүн жазды

The New York Times басылмасынын редакциясы. Иллюстрациялык сүрөт.

The New York Times (NYT) гезити Орусиянын A7 каржы компаниясы Батыштын санкцияларын айланып өтүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдөгү ишканалардан эл аралык тармак түзгөнүн жазды. Иликтөөдө Кыргызстан бул системанын негизги бутактарынын бири болгону белгиленген.

Басылманын маалыматына караганда, A7 жасалма компанияларды, криптовалютаны жана өзгөртүлгөн соода документтерин пайдаланып, орусиялык компаниялардын эл аралык төлөмдөрүн жүргүзгөн. 2025-жылдын алгачкы төрт айында A7 аркылуу санкциялык чектөөлөргө туш болгон 500 миллион доллардан ашык операция жүргүзүлгөн. Анын 130 миллион доллардан ашыгы Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексинде колдонулушу мүмкүн болгон товарларга байланыштуу.

Журналисттер A7 менен байланышкан компаниялар Кыргызстандын банктарында алты эсеп ачып, алар аркылуу доллар жана кытай юаны менен 100 миллион доллардан ашык операция жүргүзгөнүн аныкташкан.

Иликтөөдө Кыргызстанда 2024-жылы түзүлгөн Соода компаниясы да аталат. Басылманын версиясы боюнча, A7 менен байланышкан операциялардын биринде компания болжол менен 1 миллион долларга унаа килемчелери, полироль, коргоочу көз айнек жана башка товарлар сатып алганы көрсөтүлгөнү менен, каражаттар иш жүзүндө дрондордун компоненттерин сатып алууга багытталган.

Мындан тышкары, NYT A7нин жасалма эсеп-фактураларды түзүүгө мүмкүндүк берген атайын программасы болгонун жазды. Мисалы, 2025-жылдын мартында Орусиялык VPK Techno Systems компаниясы болжол менен 46 миң долларга сигнал өлчөөчү сенсорлорду сатып алган. Кийин A7нин схемасында документтеги товарлар кыргызстандык Соода компаниясы сатып алган LED жарнамалык панелдер катары көрсөтүлгөн.

Кийинчерээк ошол эле кытайлык соодагер аркылуу дагы 300 миң долларлык соода кылынган.

NYT A7нин тармагына байланышкан 40 эсеп боюнча 4 миңден ашык банктык операцияны изилдеген. Беш ай ичинде төлөмдөр 80ден ашык өлкөнүн банктары аркылуу жүргүзүлгөн.

Иликтөөдө Кыргызстандагы тышкы сооданын жана банк секторунун өсүшү да каралган. NYT келтирген маалыматтар боюнча, коммерциялык банктардын кирешеси 2021-жылдагы 42 миллион доллардан 2024-жылы 354 миллион долларга чейин өскөн. Кытай жана Европа компанияларынан Кыргызстанга товар жеткирүүлөрү ошол эле мезгилде 8 миллиард доллардан дээрлик 23 миллиард долларга көбөйгөн.

A7ни 2024-жылы молдовалык качкын олигарх Илан Шор жана Орусиянын мамлекеттик "Промсвязьбанкы" түзгөн. NYT Батыштагы чалгын кызматтарынын үч өкүлүнө таянып Шор Кремль менен түз байланышта экенин жазган.

The New York Times басылмасы буга чейин да Кыргызстандын экономикалык чоң секириги тууралуу макаласын жарыялап, өлкө Орусияга товарлардын үзгүлтүксүз келип турушуна шарт түзгөн негизги каналдардын бирине айланганын белгилеген.

Кыргыз бийлиги мындай дооматты четке кагып, санкциялык чектөөлөрдү сактай турганын жана согушка тиешеси бар товарларды экспорттобогонун билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров быйыл 21-сентябрда АКШга иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто өткөн жолугушууда Кыргызстан Орусияга салынган санкцияларды бузбаганын айткан:

“The New York Times'тан өткөндө окуп калдым. Кыргызстандын экономикасынын көтөрүлгөнүн абдан жакшы жазыптыр. Бирок “Орусия менен Украинанын согушуна байланыштуу Кыргызстан Кытайдын жана Европанын товарын Орусияга ташып, ошондон улам экономикасы көтөрүлүп жатат. Болбосо көтөрүлбөйт эле” деп жазыптыр. The New York Times муну туура эмес жазган. Биз Орусияга мурдатан эле товар сатып келебиз. Кытайдан да товар экспорт кылабыз. Бирок согуш товарларын эмес. Биз согушка тиешеси бар бир да товарды документ боюнча да, факт түрүндө да жиберген жокпуз. Биз санкциялык чектөөлөрдү, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мыйзамдарын сыйлаган мамлекетпиз”.

Президенттин санкциялар боюнча жаңы дайындалган өкүлү, экономика министри Бакыт Сыдыков ишмердигинин багыты боюнча жарыялаган алгачкы билдирүүсүндө “виртуалдык активдер менен жүргүзүлгөн операциялардын трансчек аралык мүнөзү, алардын жүгүртүлүшүнүн жогорку ылдамдыгы жана заманбап технологиялык чечимдердин колдонулушу кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого, мыйзамсыз ишмердүүлүктү каржылоого, санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө жана башка кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан жогорулатылган тобокелдиктерди объективдүү түрдө жаратат” деп эсептей турганын билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Ош: Курулуш министри Орунтаев лицензиясы жокко чыккан компанияга бир апта убакыт бердиКаспийдеги кырсык: Казак армиясындагы көйгөйлөрТалас: Төө буурчактан байыган дыйкандар Президенттик шайлоо: Саясий жарышка аттанчулар кимдер?Кыргызстанда психиатр дарыгерлер жетишсиз болуп жатканы парламентте айтылды Чет элдиктерге жашоого, иштөөгө уруксат берүү, каттоо иши кайрадан Эмгек министрлигине өттү