Сегиз айда балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

2026-жылдын сегиз айында жашы жете элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталган. Алардын ичинен 228 иш сотко өткөн, 30 иш учурда тергелип жатат. Бир иш кыскартылган.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 29-сентябрындагы жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2025-жылы ушундай 444 кылмыш иши катталып, 381 иш сотко ашырылган.

Былтыр жалпы зордуктоо фактысы боюнча 219 кылмыш иши катталган. 204 кылмыш иши сотко ашырылган, үч иштин тергөөсү токтотулуп турган, кийинчерээк кайра жандантылып, сотко ашырылган.

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 29-сентябрындагы жыйынында "Адамдын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына жана жыныстык кол тийбестигине, эркиндигине каршы кылмыштар менен күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө" укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

Депутаттарга Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Жогорку соттун өкүлдөрү маалымат беришүүдө. (ZKo)

Дагы караңыз

"Манасты" изилдеген Артур Хаттонун жана Карл Райхлдын китептери кыргыз тилинде жарык көрдүӨКМ октябрдын башында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиБишкек: Автобус үчүн атайын тилке чоң көчөлөрдүн баарында болотЭт баасын 770-870 сом деп бекитүү себеби түшүндүрүлдү"Санкцияны айланып өтүү схемасы". Жаңы иликтөөдө Кыргызстан да аталды