Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

"Санкцияны айланып өтүү схемасы". Жаңы иликтөөдө Кыргызстан да аталды

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

The New York Times Кыргызстанды Орусияга каршы санкцияларды кыйгап өтүүдө колдонулган A7 каржы түйүнүндөгү негизги өлкөлөрдүн бири деп атады. Кыргыз бийлиги мындай дооматты четке кагып, өлкө санкциялык чектөөлөрдү сактай турганын жана согушка тиешеси бар товарларды экспорттобогонун билдирип келет.

"Санкцияларды кыйгап өтүүгө аралашкан"

The New York Times (NYT) басылмасы Батыш өлкөлөрү Орусияга Украинага каршы согуш ачканы үчүн киргизген санкцияларды айланып өтүү үчүн колдонулган A7 деп аталган каржы түйүнү тууралуу иликтөө жарыялады. Анда Кыргызстан бул схемадагы негизги өлкөлөрдүн бири катары көрсөтүлгөн.

Басылманын маалыматына караганда, Москвада жайгашкан A7 компаниясы Батыштын санкцияларынан кийин орусиялык ишканалар үчүн эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө жардам берип келген. Бул үчүн ар кайсы өлкөлөрдө катталган фирмалар, криптовалюталар жана өзгөртүлгөн соода документтери пайдаланылган.

NYT жазгандай, 2025-жылдын алгачкы төрт айында эле А7 аркылуу санкциялык чектөөлөргө туш болгонуна карабастан 500 миллион доллардан ашуун суммага операция жүргүзүлгөн. Анын ичинен 130 миллион доллардан көбү орус аскердик өнөр жайында колдонулушу мүмкүн болгон товарларга байланыштуу экени айтылат.

Иликтөөдө Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурулган. Басылма алган документтерге ылайык, A7 менен байланышкан компаниялар Кыргызстандын банктарында алты эсеп ачып, алар аркылуу 100 миллион доллардан ашуун каражат өткөрүшкөн. Ошол эле учурда журналисттер документтер кыргыз банктары же мамлекеттик органдар бул операциялардын мүнөзү тууралуу канчалык деңгээлде кабардар болгонун аныктоого мүмкүндүк бербегенин белгилешкен.

Макалада "Кыргыз Республикасынын Соода компаниясы" деп аталган ишканага байланыштуу бир эпизод сүрөттөлөт. NYT маалыматына караганда, документтерде компания болжол менен 1 миллион долларга автоунаа килемчелерин, полироль, коргоочу көз айнектерди, аркан жана башка товарларды сатып алып жаткандай көрсөтүлгөн. Бирок басылма каражаттын чыныгы максаты дрондор үчүн тетиктерди сатып алуу болгон деп болжолдойт. Бул компания 2024-жылы тышкы соода операцияларын көзөмөлдөө жана санкцияларды айланып өтүү тобокелдиктерин азайтуу максатында түзүлгөнү айтылган. Ал 2026-жылы февралда жабылган.

Иликтөөнүн дагы бир бөлүгү жасалма документтерди даярдоо схемасына арналган. Басылманын маалыматына караганда, A7 кызматкерлери атайын программаны колдонуп, чыныгы эсеп-фактураларды өзгөртүп турушкан. Документтерде товардын аталышы, сатып алуучу жана башка маалыматтар алмаштырылып, төлөмдөр банктардын текшерүүсүнөн өтүп турган.

Мисал катары NYT 2025-жылдын март айындагы бир операцияны келтирет. Анда Орусиядагы компания санкциялык чектөөлөргө кирген электрондук жабдууларды сатып алган. Кийин документтер өзгөртүлүп, товарлар Кыргызстандын мамлекеттик соода компаниясы сатып алып жаткан жарнамалык LED панелдер катары көрсөтүлгөнү айтылат.

Басылма ошондой эле Орусия Украинага каршы кеңири масштабдагы согуш баштагандан кийин Кыргызстандын банк сектору жана тышкы соодасы олуттуу өскөнүн белгилеген. Макаладагы маалыматтарга караганда, өлкөдөгү коммерциялык банктардын кирешеси 2021-жылдагы 42 миллион доллардан 2024-жылы 354 миллион долларга чейин көбөйгөн. Ошол эле учурда Кытай жана Европа өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген товарлардын көлөмү 8 миллиард доллардан дээрлик 23 миллиард долларга жеткен.

Басылмага маек курган эксперттер мындай өсүштүн бир бөлүгү кийин Орусияга кайра сатылган товарлар менен түшүндүрүлүшү мүмкүн экенин айтышкан.

Иликтөөдө A7 түйүнү дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө иш алып барганы айтылат. Журналисттер 40 эсеп боюнча жүргүзүлгөн төрт миңден ашуун операцияны жана он миндеген ички документтерди изилдешкен. Алардын маалыматына караганда, төлөмдөр 80ден ашуун өлкөдөгү банктар аркылуу өткөн.

A7 компаниясы 2024-жылы молдовалык-израилдик ишкер Илан Шор жана Орусиянын мамлекеттик "Промсвязьбанкынын" катышуусунда түзүлгөнү белгиленген. Батыш өлкөлөрү Шорго мурда эле санкция салган. Компания өзү Орусиянын тышкы соодасын өнүктүрүүгө жардам берип жатканын билдирип келген.

NYT иликтөөсүндө айтылган маалыматтар боюнча A7 да, материалда аталган бир катар компаниялар да журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес.

"Миллиарддаган доллар жүгүртүшкөн"

Кремлдин колдоосундагы А7 криптодолбоору, миллиарддаган доллар акчаны эл аралык банктар аркылуу жүгүрткөн схемалар жана аларга Кыргызстандын бир катар мамлекеттик банктары менен компанияларынын катышы тууралуу АКШдагы Financial Times басылмасы жакында көлөмдүү макаласын жарыялаган эле.

Макалада Кремлдин колдоосундагы А7 компаниясы Орусиядагы, Кыргызстандагы жана Дубайдагы бир катар банктар аркылуу миллиарддаган доллар каражатты жүгүртүшкөнү айтылат. 2024-жылдын сентябрында ачылып, бирок бир жарым жыл өтпөй кайра жоюлуп кеткен мамлекеттик "Соода компаниясы", “Айыл Банк”, “Элдик Банк” жана “Евразия сактык банкы” аркылуу акча 2024-жылдын соңу менен 2025-жылдын башында күмөндүү жагдайда Кытайга которулуп жатканы тууралуу кеп болот.

Буга чейин чуу коштоп келген Орусиянын А7 компаниясынын кызматкерлери айрым кош маанилүү товарларды бажыдан башка товардык белги менен өткөрүүнү талкуулашканы да макалада айтылат.

Илан Шордун изи

А7 тууралуу "Азаттык" алгач 2025-жылы жазган. Эл аралык Financial Times басылмасы ошол жылдын 25-июнда жарыялаган “Орусиянын көмүскө төлөмдөрү үчүн криптовалюта 9 миллиард долларды айлантты” (Crypto coin for Russian shadow payments moves $9bn) деп аталган макалада Grinex аттуу криптобиржа жөнүндө кеп болот. Медиа аталган биржа ошол жылы февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын маалымдайт. Аянтчада соодаланып жаткан A7A5 аттуу токен, башкача айтканда криптовалютанын түрү ошол эле убакта Кыргызстанда расмий түрдө жүгүртүүгө чыкканы баяндамада айтылат. Токендин сайтындагы документтерде “Олд Вектор” компаниясына стейблкоинди “А7-Кыргызстан” аттуу компания бере турганы жазылган.

“Жайгаштыруу пландалып жаткан 100 000 000 (рубль) көлөмдөгү А7А5 токенин 100% “А7-Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коому камсыздайт”, – деп белгиленген келишимдин долбоорунда.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин сайтында жазылгандай, “А7-Кыргызстан” компаниясы быйыл 17-январда каттоодон өткөн (каттоо номуру 312344-3301-ООО). Жетекчиси такталган эмес, бирок негиздөөчүсү катары чет элдик А7 компаниясы көрсөтүлгөн. А7 компаниясына теги молдовалык, учурда Орусияда турган Илан Шор ээлик кыларын жогоруда белгиледик жана мындагы байланыштар Financial Times басылмасы келтиргендей чыккан.

Open Source Centre (OSC) иликтөө уюму менен TRM Labs компаниясынын блокчейн талдоочуларынын жакында жарыялаган иликтөөсүндө мажбурлап жоюлган компаниялардын тизмесиндеги дагы беш ишкана аталып жатат. Иликтөөдөгү маалыматтарга таянсак, “А7” менен “Промсвязьбанктын” ички баяндамасында 2025-жылдын апрелине карата 18,5 млрд доллар Кыргызстандын мамлекеттик "Соода компаниясы" аркылуу өткөнү жазылган.

Соода компания финансылык операцияларды “Талас Глобал Мерчантс”, “Кыргыз Фронт Трэйдинг Ко.”, “Икел Трейд”, “Куш Трейдинг Групп”, “Алай Нексус Трэйд” жана дагы бир катар ишканалар менен алакада жүргүзгөнү айтылат.

Талдоолор көрсөткөндөй, аталган беш ишкананы тең чет элдиктер түзгөн. Алардын ичинен “Икел Трейд” гана иши жакшы жүрүшкөн, же балким финансылык отчетторун тагыраак жүргүзгөн жалгыз компания. “Ачык бюджет” порталы калган төртөөнүн ишмердиги нөлгө барабар болгонун көрсөтөт.

Кыргыз бийлигинин жообу

Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.

Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргыз бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.

Президент Садыр Жапаров быйыл 21-сентябрда АКШга иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто StoneX Group кеңсесине барып, корпорациянын жетекчилиги менен жолукту.

“Ынтымак ордо” тараткан видеодо Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасы өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөштөн улам көтөрүлүп жатканын айтканын көрүүгө болот. Президент буга чейин уюшкан кылмыштуу топтор мамлекет башчыга, премьер-министрге чейин таасир этип келген болсо азыр алар толугу менен жок болгонун айтты. Ал эми коррупцияга каршы күрөш бир аз оор болуп жатканын, азыр да толук жоюла электигин билдирип, Кыргызстан Орусияга салынган санкцияларды бузбаганын кошумчалады.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“The New York Times'тан өткөндө окуп калдым. Кыргызстандын экономикасынын көтөрүлгөнүн абдан жакшы жазыптыр. Бирок “Орусия менен Украинанын согушуна байланыштуу Кыргызстан Кытайдын жана Европанын товарын Орусияга ташып, ошондон улам экономикасы көтөрүлүп жатат. Болбосо көтөрүлбөйт эле” деп жазыптыр. The New York Times муну туура эмес жазган. Биз Орусияга мурдатан эле товар сатып келебиз. Кытайдан да товар экспорт кылабыз. Бирок согуш товарларын эмес. Биз согушка тиешеси бар бир да товарды документ боюнча да, факт түрүндө да жиберген жокпуз. Биз санкциялык чектөөлөрдү, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мыйзамдарын сыйлаган мамлекетпиз”, - деди президент.

Өткөн аптада The New York Times басылмасы Кыргызстандын экономикалык чоң секириги тууралуу макаласын жарыялап, Кыргызстандын өзүндө дагы бир топ талкуу жараткан эле. Басылма “санкциялар киргизилип, ири эл аралык корпорациялар Орусиядан чыгып кеткенден кийин орус экономикасы дүйнөдөн обочолонуп калганын, ушундай шартта Кыргызстан Орусияга товарлардын үзгүлтүксүз келип турушуна шарт түзгөн негизги каналдардын бирине айланганын” дагы белгилеген.

Кыргыз расмийлери экономикалык өсүш реэкспорт эсебинен эле эмес, салык жана бажы төлөмдөрү өскөнүн, мамлекеттик капиталдын салымы көбөйгөнүн, “Кумтөрдүн” кирешеси өскөнүн жүйө тартууда. Кыргызстандын экономикасы соңку эки жылда 11% жогору өсүш менен чыкты.

Дүйнөдөгү соңку жылдардагы геосаясий кырдаалды эске алганда, көптөгөн өлкөлөрдө экономикалык өсүш майда арыштар менен эле саналууда. Кыргызстандын секириги өлкө ичинде дагы, сыртында дагы талданып, оптимисттик маанайды жаратты. Америкалык басылма мына ошол өсүштүн үлүшүн рэкспорт менен байланыштырган эле.

Быйылкы жылдын июнь айына карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илингени белгилүү болгон. Анын ичинде беш банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” жана “ЭкоИсламикБанкы” бар. Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган.

Кыргызстандын бийлиги август айында Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланыштуу болушу мүмкүн делген дагы 19 компанияны күч менен жабарын билдирген.

Президенттин санкциялар боюнча жаңы дайындалган өкүлү, экономика министри Бакыт Сыдыков ишмердигинин багыты боюнча жарыялаган алгачкы билдирүүсүндө “виртуалдык активдер менен жүргүзүлгөн операциялардын трансчек аралык мүнөзү, алардын жүгүртүлүшүнүн жогорку ылдамдыгы жана заманбап технологиялык чечимдердин колдонулушу кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого, мыйзамсыз ишмердүүлүктү каржылоого, санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө жана башка кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан жогорулатылган тобокелдиктерди объективдүү түрдө жаратат” деп эсептейт.

Бакыт Сыдыков
Бакыт Сыдыков

“Мамлекеттик органдар тарабынан виртуалдык активдер рыногун көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча комплекстүү чаралар ишке ашырылууда. Финансы тармагындагы улуттук көзөмөлдөөчү органдар рыноктун катышуучуларынын ишмердүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, анын ичинде улуттук мыйзамдардын жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык стандарттардын талаптарынын сакталышына талдоо жүргүзүп турушат. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча мыйзамда каралган катуу чаралар, анын ичинде лицензияларды кайтарып алууга чейин колдонулат”.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG