Үчүнчү жыйын, бир жылдык жыйынтык
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин үчүнчү жыйынында алгач бул тармактагы соңку жетишкендиктер жөнүндө маалымат берди.
Мамлекет башчы соңку жылдары дүйнөнүн экономика жана финансы тутумунда чоң өзгөрүүлөр жүрүп, виртуалдык активдер жана санариптик технологиялар өркүндөп жаткан чакта Кыргызстан да ошол тенденциялардын артынан түшкөнүн билдирди. Ал былтыркы жылы тиешелүү кеңеш түзүлгөндөн бери виртуалдык активдер тармагында мыйзамдык база жана инфратүзүм кескин жаңыланганын айтты:
“Базардын кыймылдашы жана бизнес тараптан, инвесторлор тараптан кызыгуунун өсүшү биздин өлкөдө бул багыттын дарамети алда канча көп экенин ырастап турат. Ушундай шартта Улуттук кеңешти түзүү туура жана өз убагында жасалган чечим болду. Жарым жыл ичинде кеңеш тармакты өнүктүрүү боюнча бирдиктүү стратегиялык чечимдерди иштеп чыгууда мамлекеттик органдар менен кесипкөй жана эксперттик коомчулуктун, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракетин бириктире алды. Базардын активдүү өнүгүшү, жаңы милдеттердин жана технологиялык чечимдердин пайда болушу, системдүү жумуштарды жүргүзүү зарылдыгы Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикти түзүүгө алып келди. Муну менен иш жүзүндө Кыргыз Республикасын чөлкөмдө виртуалдык активдердин жана блокчейн-технологиялардын хабына айлантуу боюнча стратегиялык максатыбызга жетүү үчүн жасалган түпкүлүктүү негиз бекемделди”, – деди президент.
Мамлекет башчы Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти 2025-жылдын 3-майында түзгөн. Бир күндөн кийин – 4-майда Чолпон-Ата шаарында кеңештин биринчи жыйыны, алты айдан кийин – 24-октябрда экинчи жыйыны өткөн.
Бир жылча убакыттан соң, тагыраагы быйыл май айында Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик түзүлүп, аталган тармакта ыйгарым укуктуу орган болуп калган. Финансы базарын көзөмөлдөө жана тескөө кызматынан виртуалдык активдер тармагын жөнгө салуу, уруксат кагаздарын берүү, мамлекеттик реестрди жүргүзүү, ошондой эле криповалюталарды каттоо, эмиссия кылуу жана жүгүртүү функциялары алынып, агенттикке өткөрүлүп берилген.
Улуттук кеңештин биринчи жыйынында президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжаону өзүнүн бул жааттагы коомдук кеңешчиси кылып бекиткенин жарыялап, ага атайын күбөлүк тапшырган.
Бул аралыкта президент Чанпэн Чжао менен онлайн да сүйлөшүп турду жана быйыл февралда кайрадан коноктоду. Жапаров апрелде Чжаонун шакирти, TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды Бишкекте кабыл алды. Крипто ишмерлер экөө тең миллиардер.
Кыргыз бийлиги Чжаонун жана Сандын көмөгү менен долларга байланган USDKG жана сомго байланган KGST аттуу криптовалюталарды жасап, TRON блокчейн-платформасында жүгүртүүгө чыгарды жана Binance биржасында сатыкка койду. Binance криптобиржасынан көрүнүп тургандай, экөөнүн тең наркы бир көтөрүлүп, бир төмөндөп келет.
Улуттук кеңештин ар бир отурумуна өзү катышкан Чанпэн Чжао соңку жыйындан кийин “Акчабар” басылмасына курган маегинде бул жаатта аткарылган жумуштарды төмөнкүчө баалады:
“Жарым жылча мурдараак, өткөн жылдын май айында баары жаңыдан гана башталган. Анда болгону концепция гана бар болчу. Президентте бул тармакты жандантуу ниети болгону менен криптоиндустрия үчүн укуктук нормативдик база таптакыр жок эле. Бүгүнкү күндө нормативдик база толук түзүлдү. Анүстүнө Кыргызстанда криптобиржалар жана башка платформалар катталды. Коммерциялык банктар криптобиржалар менен кызматташа баштады, бул да чоң жылыш. KGST аттуу стейблкоин жүгүртүүгө чыкты. Бул жөн эле кагаздагы долбоор эмес, аны адамдар колдоно алышат. Мындай жыйынтыкка 15 айда жетүү аябагандай зор ийгилик. Салыштыруу үчүн айта кетейин, көптөгөн мамлекеттер жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды беш жыл талкуулашат да, жыйынтыгында эч кандай жыйынтыкка жетише албайт. А биз бул жерде сезилерлик жыйынтыктарга жетиштик”.
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгын жетектеп келген Фархат Иминов тиешелүү агенттикти жетектеп калган. Ага байланышып, комментарий алуу мүмкүн болбоду.
Секирик сыры жана санкция чыры
Маалым болгондой, Кыргызстанда узак талкуулардан кийин криптовалюта базарын көзөмөлдөө үчүн 2021-жылы “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталып, 2022-жылы ал “Виртуалдык активдер жөнүндө” деген аталыш менен кабыл алынган. Натыйжада Кыргызстанда криптовалютаны өндүрүү, жүгүртүү, алып-сатуу жана криптобиржа иштетүү мыйзамдаштырылган. Кыргыз бийлиги Улуттук крипто биржаны жана Улуттук крипто резервин түзүү дымагын жарыялаган.
Төрт жыл ичинде криптомайнинг фермалардын, криптобиржалардын, криптовалюта алып-сатуучу жайлардын жана виртуалдык активдердин эмитенттеринин саны бир көбөйүп, бир азайып олтурду. Себеби аларга лицензиялар берилип, кайра алынып турат.
Акыркы бир жарым жылда алардын саны кескин өстү. 2025-жылдын аягына карата 82 криптовалюта алып-сатуучу жай болсо 2026-жылы алардын саны 159га жетти. Былтыр 5 криптобиржа болсо, быйыл алардын саны 10 болду. 7 майнинг компания иштеп, 6 эмитент компания өз криптовалютарын чыгарды.
Кыргызстандагы криптовалюта биржаларынын жана крипто алмаштыруучу жайлардын жүгүртүүсү 2024-жылы 923 млрд сомду гана түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында бул сумма 2,7 триллион сомдон ашты. 2026-жылдын көрсөткүчү белгисиз.
Экономист Кубан Чороев “Азаттыкка” курган маегинде буларга токтолду:
“Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы, дегеле дүйнөдөгү банк системасы 1970-жылдардагы экотутуму менен келатат десек болот. 2030-жылга финансылык системага даяр болуу үчүн ушундай аракеттерди эртелетип көрө баштаганыбыз туура. Себеби, ал жылдары биз акча которууларды жана башка банктык которууларды блокчейн технологиясы аркылуу жүргүзүп калабыз. Ага чейин өтө аз убакыт калды. Бул индустрияда технологиялар ай сайын өзгөрүп жатат, бирок жөнгө салуучу мыйзамдык база анчалык тез өзгөргөн жок. Кыргызстан болсо криптовалюта жаатында дүйнөдө ондукка кирген кишини алып келип, кеңеш алып, укуктук-ченемдик базаны жаратып жатканы колдоого аларлык. Бүгүнкү күндө биздин виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамыбыз жакынкы өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла прогрессивдүү мыйзам болуп эсептелет. Криптовалюта менен алектенген компаниялар акыркы үч жылда Кыргызстанды бул тармакта перспективдүү мамлекет катары көрүп калышты. Бир эле Кыргызстан эмес, Казакстан да бул жаатта жөнгө салуучу мыйзамдарын жакшыртып, бул багытта тездик менен баратат. Муну ачык болбосо да жарыш деп атасак болот. [...] Ошол эле кезде белгилей кетчү жагдай, азыр Кыргызстандагы банктарга криптовалюта менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилди. Бирок бүгүнкү күндө кыргыз банктары технологиялык жактан жана кадрдык жактан буга толук даяр эмес деп айтсам болот”.
Башка маселе, санкция тобокелчилиги. Украинадагы согушка байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларынан сырткары экинчи деңгээлдеги чараларды Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы компанияларга да колдонуп келет.
АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” ушу кезге чейин 31 кыргызстандык компания кирсе ошонун бешөө криптовалютага байланыштуу.
Төртөө – “Олд Вектор”, “Гринекс”, “ТенгриКоин” жана “Кифико” жеке менчик компаниялар.
“Азаттыктын” атайын иликтөөсүндө көрсөтүлгөндөй, мындагы “Олд Вектор” компаниясынын артында Молдовадан качып чыгып, Орусиядан башпаанек тапкан олигарх Илан Шор турат. Анын Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 токенин же стейблкоинди Кыргызстанда сатыкка чыгарганы аныкталган.
Ал эми Улуу Британия быйыл июнь айында санкция салган "Виртуалдык активдердин эмитенти" компаниясы Кыргызстандын Финансы министрлигине караштуу жана жогоруда кеп болгон USDKG стейблкоинин жүгүртүүгө чыгарган.
Британиянын билдирүүсүндө Кыргызстанда катталган “Евразиялык аманат банкы” Орусиянын өкмөтү үчүн "стратегиялык маанилүү тармакта иштеген адамдарга финансылык тейлөө көрсөткөн" деп белгиленген. Расмий Лондон "Мамлекеттик брокерлик компания” жана "Виртуалдык активдердин эмитенти" (USDKG) орус өкмөтүнөн пайда тапкан же Орусияга экономикалык маанилүү иштер аркылуу аны колдогон болушу мүмкүн деп эсептейт.
Кыргызстандын бийлиги муну четке кагып, Британиянын өкмөтүнө кат жөнөттү. Кантсе да, мына ушул окуянын өзү криптобазарда соңку жылдары жүргүзүлүп жаткан саясатка көлөкө түшүрүп, тобокелдиктерди эскертип тургансыйт.
Экономист Искендер Шаршеевдин пикирине орун берели:
“Эгерде салкын кандуу карап, талдасак Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнөгө толук таанылып, дүйнө жүзүнүн оозуна алынган жок. Мындайча айтканда репутациябыз өтө чоң эмес, бизди жөн гана постсоветтик мамлекет катары таанышат. Англис тилдүү саясатчылар жана экономисттер Кыргызстанды “стандардын бирөөсү” деп коюшат. “Кыргызстан” деп айтсаң, “Ооганстанбы, же Күртстанбы?” деп тактап, сурашат. Ошону үчүн Кыргызстан биринчи кезекте мамлекет өз репутациясын курушу керек. Тилекке каршы, ал азырынча курула элек. “Кадыр-баркыбыз кетип, репутациябыз бузулду” дегидей, анчалык чоң репутациябыз жок болсо кантип бузулмак эле? Ошентсе да санкциялар салына баштаган соң Кыргызстан терс жагынан таанылып, туура эмес репутация жаралууда. Түз алганда бул санкциялар бизге өтө чоң таасир этпейт. Анткени бизге чара колдонгон мамлекеттер менен соода алакабыз анчалык чоң эмес. Бирок ошол эле кезде бул санкциялар кайсы бир мүмкүнчүлүктөрдү кыскартат. Кээ бир өлкөлөр менен кызматташууну кыйындатат. Келечекте дагы кандай кесепеттерди алып келерин көрөбүз, бирок жалпы жонунан санкциялар жакшы иш болбой калды. Мындай болбош керек болчу. Башка жагынан алганда, биздин мамлекет Кытай менен Орусиянын ортосунда жайгашкан. Алар менен кантип иштешпей коё алабыз? Анда сооданы кантип аткарып, тиричиликтеги муктаждыктарды кантип жабабыз? Ошондуктан мен муну “географиялык тагдыр” деп атаар элем”.
Кыргызстандын Министрлер кабинети мурдараак Батыш өлкөлөрүнүн санкциялык чараларына көп макул болбой келсе, быйыл май айында турумун бир аз жумшартып Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган.
Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланыштуу болушу мүмкүн делген дагы 19 компанияны күч менен жабарын августта да маалымдаган. Бул ирет ыктымал тизмеде жалпы 40 компания бар экени, калгандарын текшерүү уланып жатканы айтылган.
Шерине