Парламентте сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды тыюу боюнча чаралар талкууланды

иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын прокуратурасы жыныстык кол тийбестикке каршы жана жыныстык эркиндикке кол салуу боюнча айыпталган 81 айыпкердин иши боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын ичинен 2 кылмыш иши боюнча соттук териштирүүдө далилдер жетишсиздиктен иш кайрадан кароого жиберилген. Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 29-сентябрындагы жыйынында билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, бир айыпкер жергиликтүү прокуратура органы менен күнөөнү мойнуна алуу боюнча макулдашууга барган. Эки жаран Бишкек шаардык соту тарабынан акталган. 23 кылмыш иши сотто каралып жатат, аларда далилдер жетиштүү. 32 айыпкер мамлекет башчыга ырайым сурап кайрылган, бирөө артка чакыртып алган.

Коңкубаеванын билдиргендей, айыпкерлердин кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгүндө сот өкүмдөрү боюнча кассациялык арыздар берилген эмес. Бул жаатта алардын укуктары түшүндүрүлгөн.

Үмүткан Коңкубаева бир эле кыз атайын акча алуу максатында бир нече адамды кылмышка айыпкер кылган деген маалыматтар тастыкталбаганын белгиледи.

Баш прокурордун орун басары жарандардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине кол салгандарга пробация колдонулбасын эскертти. Ошондой эле жашы жете электерге карата мындай мүнөздөгү кылмышка баргандар мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылбасын, жеңил жаза менен кутулуп кетүүсүнө жол берилбесин белгилеп, алардын укугун мамлекет коргоп турганын айтты.

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 29-сентябрындагы жыйынында "Адамдын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына жана жыныстык кол тийбестигине, эркиндигине каршы кылмыштар менен күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө" укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

Депутаттарга Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымат беришүүдө. Жыйынга зордуктоого шектелип, камалгандардын жакындары да чакырылган.

ИИМдин маалыматы боюнча, быйылкы сегиз айда балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталган. (ZKo)

Дагы караңыз

Британияда АКШ авиабазасынын жанынан бир нече киши кармалдыСегиз айда балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталдыОрунбеков таштанды талаасындагы өрт "чагымчыл аракет болушу мүмкүн" экенин айтты"Манасты" изилдеген Артур Хаттонун жана Карл Райхлдын китептери кыргыз тилинде жарык көрдүБишкек: Автобус үчүн атайын тилке чоң көчөлөрдүн баарында болот