Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жанында жаранды сабап, автоунаанын багажына салып кеткен адамдардын тек-жайы аныкталып, кармалды.
Алар милицияга бөлүмүнө жеткирилип, сурак берип жатканын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.
Социалдык тармактарга филармониянын жанынан бир нече киши башка бир адамдын телефонун тартып алып, өзүн сабаган видео тараган. Видеодон токмок жеген кишини топ адам автоунаанын багажына салып, окуя болгон жерден кетип калышканын көрүүгө болот.
Аталган фактыны милиция каттоого алып, текшерүү иштерин баштаган. Териштирүүнүн алкагында тийиштүү чаралар көрүлөрү айтылды.
Милиция канча киши кармалганын жана окуяга эмне себеп болгонун тактаган жок. (КЕ)