Орусиянын президенти Владимир Путин жеке адамдарга өлкөдөн Евразия экономикалык биримдигине кирген Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстанга, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжанга 1 миллион рублден (11,8 миң доллар) ашык накталай акча алып чыгууга чектөө киргизди.
Бул тууралуу Путиндин 29-сентябрда жарыяланган жарлыгында белгиленет. Юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге бул өлкөлөргө накталай рубль алып чыгууга толук тыюу салынат.
Буга чейин чектөө 100 миң долларга барабар сумманы, болжол менен 8,5 миллион рублди түзчү.
Жеке адамдар 1 миллион рублдан ашык сумманы аталган өлкөлөргө эл аралык аэропорттор аркылуу гана алып чыга алышат. Ал үчүн акчанын эсептен алынганын ырастаган банк көчүрмөсү же башка документтер талап кылынат.
2022-жылдын март айынан бери Орусиядан бир адамга 10 миң доллардан ашык чет элдик валютаны алып чыгууга тыюу салынган.
Путиндин жарлыгында белгиленгендей, тизмеге кирбеген өлкөлөргө 1 миллион рублден ашык накталай акчаны декларация толтуруу менен алып чыгууга болот.