Ак үй АКШ президентинин Беларус боюнча өкүлү Жон Коулду барымтадагылар маселеси боюнча элчи макамындагы атайын өкүлү кызматына дайындоону сунуштады. Коулдун аты-жөнү Дональд Трамптын администрациясы Сенатка мамлекеттик кызматтарга дайындоолорду бекитүү үчүн жөнөткөн тизмеге киргизилген.
Буга чейин The Atlantic басылмасынын булактары Трамп айрым орусиялык саясий туткундарды бошотуунун эсебинен Орусияга каршы АКШнын санкцияларын жумшартуу идеясын жактырган болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Басылманын маалыматына ылайык, бул сунушту АКШ президентине Коул киргизген, ал буга чейин Александр Лукашенко менен жакшы мамиле түзүп, ушундай эле ыкманы колдонуу менен жүздөгөн беларусиялык саясий туткундун бошотулушуна жетишкен болчу.
Ак үй Трамп бул идеяны колдогону тууралуу маалыматты ырастай элек.
16-сентябрда АКШнын арачылыгы менен 25 беларус саясий туткуну бошотулган. Алар АКШ президентинин атайын чабарманы Жон Коулдун Беларустун жетекчиси Александр Лукашенко менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин азат кылынган.
Бул үчүн Вашингтон Минскиге салынган санкцияларды жумшартмай болгон. Атап айтканда, мамлекеттик эки ишкана “кара тизмеден” чыгарылды. Андан тышкары АКШ Беларуска таандык 44 млн долларды камактан чыгаруу өтүнүчү менен “Ситибанкка" кайрылганы белгилүү болгон.
"Свобода" радиосуна курган маегинде Коул Беларуска октябрь айында да барууну көздөгөнүн билдирген.
Трамп Коулду барымтадагылар боюнча АКШнын атайын өкүлү кылып дайындоону сунуштады
Жон Коул