Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Вашингтон санкциясын жумшартты, Минск абактан дагы 25 саясий туткунун бошотту

16-сентябрда беларустук дагы 25 саясий туткун бошотулду

16-сентябрда АКШнын арачылыгы менен беларустук дагы 25 саясий туткун бошотулду. Бул үчүн Вашингтон эки ишкананы санкциялык тизмеден чыгарды. “Вясна” укук коргоо уюмунун санагында Беларуста 900дөй саясий туткун жабык жайларда кала берүүдө. Бирок өлкө жетекчилиги репрессия жок деп танып келет.

14 жылга кесилген Андрей Александров шаршембиде 24 мурдагы саясий туткун менен кошо Литванын борборуна жеткирилди:

“Дээрлик алты жылдан кийин абактан чыгуу ажайып бир нерсе. Ушунча жылдан кийин эркиндиктин абасы менен дем алып жатам. Эми өз ойлорумду ирээтке келтирүүгө аракеттенүүдөмүн. Ата-энеме мен эркиндикке чыктым деп кабар берүү, эски досторум, кесиптештерим менен жолугуу ушунчалык сонун сезим. Албетте, мен абдан бактылуумун”.

Алар АКШ президентинин атайын чабарманы Жон Коулдун Беларустун жетекчиси Александр Лукашенко менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин азат кылынды.

Бул үчүн Вашингтон Минскиге салынган санкцияларды жумшартмай болду. Атап айтканда, мамлекеттик эки ишкана “кара тизмеден” чыгарылды. Андан тышкары АКШ Беларуска таандык 44 млн долларды камактан чыгаруу өтүнүчү менен “Ситибанкка" кайрылганы белгилүү болду.

Коул дагы бир айдан кийин Беларуска кайтып барууну көздөгөнүн билдирди:

“Башында эки, андан кийин 14 киши коё берилди, мындан азыраак, көбүрөөк киши чыгарылган учурлар болду. Эң негизгиси жараян токтоп калбашы керек. Бул ирет 25 киши чыкты, алар абдан бактылуу... Эң жакын арада жүздөй киши бошотулат деп ишенем”.

Бул жааттагы сүйлөшүүлөр былтыртан бери жүрүп жатат. Бардыгы болуп 500дөй саясий туткун эркиндикке чыкты.

Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко оппоненттерин куугунтуктаганы жана Орусиянын Украинага каршы согушун колдогону үчүн Батыштын изоляциясында калган.

Эң ири санкциялар 2020-жылкы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары күч менен таркатылганда киргизилген. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүдө Лукашенко жеңди деп жарыялаган. Жазалоочу чаралар Москва Украинага кол салганда Беларус өз аймагын колдонууга жол бергенде күчөтүлгөн.

15-сентябрда өткөн сүйлөшүүлөрдө Лукашенко өлкөдө саясий туткундар жок деп дагы бир жолу кайталады:

“Биз коё берилгендердин ордуна башкаларды камоону көздөбөйбүз. Бизде андай маселе жок. Буга жол берилген эмес жана берилбейт. Алардын бардыгы беларус эли. Бирок беларус жараны же бул жерде жашаган башка кишилер мыйзам бузса биз мыйзамдын чегинде чара көрөбүз. Алар тергөөгө алынып же камалыш керек болсо, ошондой эле болот. Бирок мунун саясатка тиешеси жок”.

Шаршембиде боштондукка чыккандардын арасында укук коргоочулар, саясий активисттер, журналисттер менен адвокаттар бар. “Вясна” укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, алардын көбү узак мөөнөттөргө кесилген.

Беларус оппозициясынын лидери, чет өлкөдө бозгунда жүргөн Светлана Тихановская туткундардын эркиндикке чыгарылышын кубаттады жана “ар бири, алардын бул күндү чыдамсыздык менен күткөн үй-бүлөлөрү, жакындары үчүн бактылуу экенин” айтты.

Ошол эле маалда саясатчы Лукашенкону сындады:

“Лукашенко абактагыларды гумандуулуктан улам чыгарбаганын жакшы түшүнүп турабыз. Себеби адамдар ал үчүн товар, аны мүмкүн болушунча кымбат сатууну каалайт”, - деди Тихановская.

Оппозициянын башка өкүлдөрү АКШнын аракетин кубаттаганы менен Лукашенко бул маселени өз башкаруусун эл аралык сахнада “легитимдештирүү” үчүн пайдаланганын, коё берилгендердин ордуна көбүрөөк кишини камап жатканын айтышат. Айрымдар азат кылынгандардын күчтөп өлкөдөн чыгарылганын “куугунтуктун дагы бир түрү” деп сыпаттоодо.

“Вясна” уюмунун санагында Беларуста 880дөн ашуун саясий туткун жабык жайларда кала берүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG