Орусияда аскердик учак кулап, алты адам каза болду

Ту-95

Орусиянын Амур облусунда машыгуу учурунда орусиялык Ту-95 аскердик учагы кулап, экипаждын алты мүчөсү каза болду. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, учак курал-жараксыз учуп бара жатканда калк жашабаган аймакка кулаган.

Күч түзүмдөрүнө жакын Baza Телеграм каналы кырсыкка күйүүчү майдын жарылуусу себеп болушу мүмкүн экенин жазды. Маалыматка караганда, Ту-95 учагы Красноярово айылынын жанына кулаган. Ал эми "Важные истории" басылмасы бул аймакта Орусиянын алыскы авиациясынын негизги базаларынын бири болгон "Украинка" аэродрому жайгашканын билдирген.

2025-жылдын жай айларында "Паутинка" операциясынан кийин Коргоо министрлиги Орусиянын Европа бөлүгүнөн бул жакка көптөгөн стратегиялык бомбалоочу учактарды көчүргөн.

Ту-95 - турбовинттүү кыймылдаткычтар менен жабдылган стратегиялык бомбалоочу учак. Бул үлгүдөгү учактар куралдуу күчтөрдүн катарында ондогон жылдардан бери кызмат өтөп келет. Орусиянын Аэрокосмостук күчтөрүндө мындай учактар ондоп саналат. Согуш маалында алардын айрымдары Украинанын соккуларынан талкаланган.

Дагы караңыз

Baza: 5 млн евролук Bugatti машинелери Орусияга Кыргызстан аркылуу жөнөтүлгөнӨкмөт ири инвесторлор ижарага алган жерди пайдалануу укугун күрөөгө коюуга уруксат берүүнү сунуштадыӨкмөт күйүүчү май тартыштыгын алдын алуу чараларын талкууладыБишкектеги боёк цехинде чыккан өрттү өчүрүү аракети көрүлүүдө