Депутат мектептерде акча чогултуу токтобой жатканын айтып чыкты

Окуу классы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу 30-сентябрдагы жыйында мектептерде тазалык каражаттары үчүн ата-энелерден акча чогултуу токтобой жатканын билдирди. Анын айтымында, президенттин ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган жарлыгына карабастан мындай көрүнүш дагы эле уланып жатат. Депутат муну мамлекет бөлүп жаткан каражаттын жетишсиздиги менен байланыштырды:

«Финансы министрлигинин расмий отчётунда көрсөтүлгөндөй, Кыргызстанда жыл сайын ата-энелерден мектепти оңдоого, пол жуучулардын айлыгына, самынга, кагазга жана башка муктаждыктарга 2,5 млрд сом чогултулат экен. Президенттин ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган жарлыгы кагаз жүзүндө эле калып жатат. Мамлекеттик бюджеттен тазалык каражаттарына болгону 175 млн сом бөлүнөт экен. Муну бир жылга бөлгөндө бир окуучуга 115 сомдон туура келет. Окуучулардын жан башына эсептелген чарбалык каржылоонун реалдуу нормативин кайра карап чыгуу керек. Пол жуучулардын айлык акысын жана штаттык бирдиктерин да карап чыгышы зарыл», - деди Карыбек уулу.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын аягында мамлекеттик, муниципалдык орто мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден мажбурлап мыйзамсыз каражат чогулткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга 20 миң сом айып салынат. Мектепте фонд түзүп, ал аркылуу каражат жыйнаган адамдар 40 миң сом, юридикалык жактар 60 миң сом айыпка жыгылат.

2023-жылы президенттин жарлыгы менен мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилген.

Мектептеги акча чогултууга байланыштуу даттануулар Кыргызстанда утур-утур катталып келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Трамп Коулду барымтадагылар боюнча АКШнын атайын өкүлү кылып дайындоону сунуштадыБуллинг жана кибербуллинг үчүн жоопкерчилик тууралуу мыйзам коомдук талкууга коюлдуОрусияда аскердик учак кулап, алты адам каза болдуОккупацияланган аймактардан дагы 14 украиналык бала кайтарылдыBaza: 5 млн евролук Bugatti машинелери Орусияга Кыргызстан аркылуу жөнөтүлгөн"Өтө кооптуу тенденция". Орусиячыл эксперттердин көздөгөнү эмне?