Болот Темиров менен Махабат Тажибек кызы The Albies сыйлыгынын лауреаты болушту

Махабат Тажибек кызы.

Кыргызстандын соту ишмердигин экстремисттик деп тапкан иликтөөчү-журналист Болот Темиров жана Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Клунилердин «Адилеттик үчүн» фонду тапшырган The Albies эл аралык сыйлыгынын лауреаттары болушту.

Бул тууралуу Болот Темиров 1-октябрда социалдык тармактагы баракчасына жазып, сыйлыкты Temirov Live жана «Айт, айт десе» долбоорлорунун ишинин эл аралык деңгээлде таанылышы катары баалады.

The Albies сыйлыгын актер Жорж Клуни жана адам укуктары боюнча адвокат Амаль Клуни негиздеген «Адилеттик үчүн» фонду 2022-жылдан бери ыйгарып келет. Сыйлык адам укуктарын жана адилеттикти коргоодо иш алып барган адамдарга берилет. Быйылкы сыйлык тапшыруу аземи 7-октябрда Лондондо өтөт.

Бирок Махабат Тажибек кызы аземге бара албайт. 25-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда анын адвокаты журналистке сыйлыкты алуу үчүн Лондонго барып келүүгө уруксат берүүнү өтүнгөн. Судья Темир Маматов өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Махабат Тажибек кызы 2024-жылы январда Temirov Live долбоорунун ошол кездеги жана мурдагы он кызматкери менен чогуу кармалган. Ошол эле жылы октябрда сот аны «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан.

2026-жылдын мартында Жогорку сот мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Кийин Ленин райондук соту Тажибек кызын эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен абактан бошоткон. Учурда анын иши кайрадан каралып жатат.

Болот Темиров 2022-жылы Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылып, өлкөдөн чыгарылган. Ал чет өлкөдө жүрүп Temirov Live долбоорунун ишин улантып келет.

Былтыр октябрь айында Бишкектин Октябрь райондук соту Болот Темировдун ишмердигин экстремисттик деп тапкан. CPJ баш болгон бир катар эл аралык уюмдар соттун бул чечимин сынга алышкан.

Дагы караңыз

Кыргызстанга байланышы бар делген A7 каржы тармагына АКШ санкция салдыОдессада бизнес-борборго, Киевде кампага сокку урулдуҮч жылга соттолгон дарыгер Бейшебаева Жогорку сотко даттанды