Кыргызстандын алгачкы спутниги космоско учурулду

«Наноспутник» SpaceX ракетасынын борту менен орбитага көтөрүлдү.

Кыргызстандын алгачкы улуттук спутниги 1-октябрда космоско ийгиликтүү учурулду. Бул тууралуу УТРК мамлекеттик телеканалы билдирди. Учуруу аземине президент Садыр Жапаров да катышты.

Салмагы беш килограммга жакын аппарат АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг космостук базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен учурулду.

Кыргыз спутниги SpaceXтин Transporter-18 миссиясынын алкагында космоско жөнөтүлдү. Бул чакан спутниктерди бир ракета менен чогуу алып чыгуучу миссия. Бул жолку Falcon 9 жалпысынан 130 космостук аппарат жана башка жүктү алып чыкты. Алардын арасында CubeSat жана микроспутниктер, ошондой эле башка аппараттарды кийинчерээк өз алдынча орбитага чыгаруучу транспорттор бар.

Кыргызстандын алгачкы спутнигин иштеп чыгуу жана чогултуу өлкө ичинде жүргүзүлгөн. Расмий маалыматка ылайык, долбоорду «Кыргыз Асман» ачык акционердик коому ишке ашырган жана ага эки жарым жылдай убакыт кеткен. Ачык булактарда аппаратты жасоого он чакты кыргызстандык инженер катышканы айтылат.

Спутниктин баасы болжол менен 10-12 миллион сом деп бааланган. Бирок бул суммага аны АКШга жеткирүү, ракетага интеграциялоо жана космоско учуруу чыгымы киреби же жокпу расмий такталган эмес.

SpaceXтин чакан спутниктерди чогуу учуруучу программасында орбитага 50 килограммга чейинки жүктү жеткирүүнүн базалык баасы 350 миң доллардан башталат. Бирок бул жалпы коммерциялык тариф жана Кыргызстандын беш килограммдык спутнигин учуруу үчүн SpaceXке канча төлөнгөнү ачык жарыяланган жок.

Кыргыз спутниги Жерди космостон байкоого арналган. Андан алынган сүрөттөр менен маалыматтарды айыл чарба жерлеринин жана жайыттардын абалын көзөмөлдөөгө, кургакчылыктын алгачкы белгилерин аныктоого жана түшүмдүүлүктү алдын ала баалоого пайдалануу пландалууда.

Мындан тышкары спутник мөңгүлөргө, суу ресурстарына жана экологиялык абалга мониторинг жүргүзүүгө, табигый кырсыктардын кесепеттерин баалоого жардам берери айтылган.

УТРК спутниктин учурулушун Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын биргелешкен ишинин натыйжасы деп билдирди. Бирок Эмираттардын долбоордун кайсы бөлүгүнө катышканы тууралуу кеңири маалымат азырынча жарыялана элек.

Чакан спутниктерди ушундай жол менен учуруу дүйнөдө кеңири тараган. Бир ракетада ондогон аппаратты чогуу алып чыгуу ар бир спутник үчүн өзүнчө ракета жалдоого караганда кыйла арзан түшөт.

Борбор Азияда космоско өз спутниктерин чыгаруу тажрыйбасы буга чейин да болгон. Казакстан 2006-жылы алгачкы KazSat-1 байланыш спутнигин учурган. Андан кийин өлкө байланыш жана Жерди байкоочу бир нече аппаратты орбитага чыгарды.

Түркмөнстандын биринчи улуттук байланыш спутниги TurkmenAlem 52.0E 2015-жылы Falcon 9 ракетасы менен космоско чыгарылган. Салмагы 4,7 тоннадан ашкан аппаратты Франциянын Thales Alenia Space компаниясы жасаган.

Өзбекстан да өзүнүн биринчи илимий спутнигин түзүү боюнча иш жүргүзүп жатат.

Аны 2028-жылы учуруу пландалган. Ал эми 2026-жылы космоско чыгарылган Samarkand-2028 аппараты Кытайдын STAR.VISION компаниясы тарабынан жасалып, ага өзбек инженерлери иштеп чыккан жасалма интеллект модулу орнотулган. Өзбекстандын космос агенттиги бул аппарат өлкөнүн улуттук спутниги эмес экенин атайын белгилеген.

Ал эми Кыргызстандын азыркы аппаратынын өзгөчөлүгү анын өлкө ичинде иштелип чыгып, чогултулганы.

Кыргызстандын аппараты аны ташыган системадан бөлүнүп, өз алдынча орбитага ийгиликтүү чыкканы жана Жер менен байланыш түзгөнү тууралуу расмий маалымат азырынча жарыялана элек.

Transporter-18 миссиясынын ачык тизмесинде да кыргыз спутниги өзүнчө аталыш менен көрсөтүлгөн эмес.

Дагы караңыз

Болот Темиров менен Махабат Тажибек кызы The Albies сыйлыгынын лауреаты болуштуКыргызстанга байланышы бар делген A7 каржы тармагына АКШ санкция салдыҮч жылга соттолгон дарыгер Бейшебаева Жогорку сотко даттанды