Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Полотов кармалганы боюнча расмий маалымат таратып, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатканын билдирди.
Министрликтин 2-октябрдагы маалыматына караганда, Полотов 2022-жылдын 29-июлунда Кара-Суу шаарында жайгашкан, аянты 82,75 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн, түз келишимдин негизинде жеке колго мыйзамсыз сатып жиберген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. ИИМ тергөөнүн жүрүшүндө Полотовдун мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө укук берген жогорку билими тууралуу диплому жоктугу аныкталганын билдирди.
"Ал жасалма документтин негизинде муниципалдык кызматтарды ээлеп, мыйзамсыз түрдө эмгек акы алып келгендиги белгилүү болгон. Натыйжада мамлекетке баштапкы эсеп боюнча 5 млн сомдон ашык өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.
Полотов кармалганын 1-октябрда "Азаттыкка" укук коргоо органдарындагы булактар ырастаган.
Мурдараак "Кактус.медиа" Полотов менен чогуу бир катар аткаминер кармалганын жазган. Алардын кармалышы "Кара-Суу" базарындагы абалга байланыштуу болушу ыктымалдыгы болжолдонгон.
ИИМдин маалыматында бул тууралуу жазылган эмес.
Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.
Кыргызстанда буга чейин да жогорку окуу жайын окубай туруп, диплом алып, мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн жарандар аныкталган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы жылдары Жогорку Кеңештин айрым депутаттары окубай туруп диплом алганын аныктаганын кабарлаган. Фархат Исмаилов жана Фарходбек Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма деп таанылып, кийинчерээк алар мандатынан ажыратылган. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Орозайым Нарматованын мандаты да диплом чырына байланыштуу алынган.
Алар өзүлөрү коюлган айыптарды четке кагышкан. (КЕ)