Министрлер кабинетинин атайын буйругу менен бекитилген «Инфляцияга каршы турукташтыруу планына» ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине айыл чарба продукциясынын баасын турукташтыруу үчүн 2027-жылы 38 млрд сом бөлүү каралып жатат. 2026-жылы тармакты колдоо программаларына 13 млрд сом бөлүнгөн.
Бул каражат 5-10-20-50 миңдеп мал кармап бордогон чарбаларды колдоого жана алар үчүн аралаш тоют өндүрүүчү чоң базаларды түзүүгө багытталат. Бул тууралуу «Азаттыкка» министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.
Анын айтымында, кыска мөөнөттүү мезгилде Бишкек шаарындагы эт кластерин өнүктүрүүгө бюджеттен 1,1 млрд сом бөлүнгөн. Каражат жеңилдетилген шартта, жылдык 3% менен беш жылга насыя катары жеке ишкерлерге берилген. Мындан тышкары, министрлик өзү да бука бордоочу чарба түзүп, шаарда этти арзан баада саткан соода түйүндөрүн ачкан.
Сентябрдын соңунда Ош шаарында эттин баасына нааразы болгон 60ка жакын соодагер мэриянын алдына чогулган. Алар өкмөт белгилеген 770 сомдук баа төмөн экенин айтып, уй этинин килограммын 850 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан.
Өткөн аптада Илич Марсбек уулу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында өкмөт эттин баасын килограммына 770-870 сом деп бекиткенин түшүндүргөн. Ал адистер менен биргеликте жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде багуу жана кароо чыгымдары кошулганда бодо мал этинин өздүк наркынын килограммы болжол менен 600 сом болорун билдирген.
Министрдин орун басары Бишкек менен Ош шаарларында арзан баада эт саткан түйүндөрдүн ачылышы жакшы жыйынтык берип жатканын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, учурда 10 соода түйүнү иштеп жатат. Дагы 30 түйүн ачуу үчүн тендер жарыяланып, келерки жылы алардын санын 100гө жеткирүү пландалууда.
Өлкөдө эт кескин кымбаттап кеткендиктен, 2025-жылдын 11-августунан тартып баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилип, белгилүү сумма бекитилген. Бирок социалдык тармактардагы колдонуучулар базарларда жана дүкөндөрдө эт азыркыга чейин бекитилген нарктан кымбат сатылып жатканын жазып келишет.
Эттин баасын көзөмөлдөө максатында өкмөт бодо мал менен майда жандыктарды Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салган. (КЕ/КbА)